Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Грузия менен Арменияга газ ташуучу куурдагы жардыруунун артында Россия турат деп айыптады.


-Россия Грузиянын газ куурларын Москвага өткөрүлүп бериши үчүн Тбилисиге кысым көргөзүү иретинде газды атайлап токтотуп салды, - деди Саакашвили. Анын пикиринде бул үчүн Россия кыштын эң суук күндөрүн тандап алды.
Грузиянын энергетика министрлигинин өкүлү Теона Долиашвилинин маалыматына ылайык, өлкөдө газдын бир күндүк запасы калды.
Россиянын расмий адамдары куурду калыбына келтириш үчүн 2-3 күн талап кылынат деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG