Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

ТЕМИР ЖОЛЧУЛАР ӨЗДӨРҮН ӨЗДӨРҮ ӨРТТӨЙ ТУРГАН СААТ ЖАКЫНДАДЫ


Кожогелди Култегин, Бишкек. Жогорку Кеңеш имаратынын астында темир жолчулардын чакан тобу Кыргыз темир жолу башкармалыгына Нариман Тулеевдин кайрадан жетекчи болуп дайындалганына каршы нааразылык акциясын улантышууда. Алар койгон талаптарын бийлик аткарбаса 25-январь күнү өзүн-өзү өрттөй тургандыктарын билдиришкен.

Кечээ күнү Нариман Тулеев өзү гана нааразы тарап менен иштешүүгө, алардын иш-жагдай боюнча суроо-талаптарын аткарууга даяр экендигин билдирген. Нааазы болгон тарап өз өкүлү катары белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулованы сүйлөшүүгө жиберүүгө макул болгон. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы белгилүү боло элек.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова темир жол жумушчуларынын нааразылыгы чегине жетип, алар өздөрүн өрттөөгө даярданып жатканда Президенттин сыртка кетип жатканын туура эмес көрүп жатканын билдирген:

-Өзүн-өзү өрттөө деген – айласыз кадам да. Бирок, тогуз айдан бери темир жолчулар нааразылык акциясына чыгып, адис темир жолчуну жетекчи кылып бергиле деп талап коюп атышса - өчөшкөндөй мурда алар нааразы болуп кызматтан кетирген адамды кайра апкелип олтургузуп коюшканы чын эле күйө турган иш болуп калды. Аткарып койсо боло турган нерсеге бийлик тарап көңүл бурганы жок. Президент болсо Санк Петербурга кетип калып атат. Акаев да Бекназаровго байланышкан кырдаал күчөп атканда Орусияга кетип калып, адам өмүрү кыйылган.

Ошол эле кезде Нариман Тулеевдин таламын талашып анын Нарындык жердештери да көтөрүлүп башташты. Нарындын мурдагы губернатору Кемел Ашыралиев баштаган бир катар адамдар Президент жарлыгына жалпы эсеби 5000дей кыргыз темир жолчуларынын 10-20 гана кишиси каршы болуп жаткандыгын, алардын жетекчиси Эрнис Докеновдун эч кандай профсоюздук ишке тиешеси жоктугун белгилешип, Нариман Тулеевди колдоп Нарында Эл көтөрүлүп жатканын эскертишти.

XS
SM
MD
LG