Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

Палестиндеги шайлоонун жыйынтыгы баарынын эсин оодарышы мүмкүн


Палестин автономиясында шаршембиде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бүгүн чыгат. Анткен менен соңку жыйынтыкка караганда, согушчул ХАМАС тобу алдыда. ХАМАС менен күч сынашкан башкаруучу ФАТАХ партиясы да көпчүлүк добушту ХАМАС алганын кабарлады.
ХАМАС согушчул тобунун ырасмий өкүлү Сами Абу Зухрин “ХАМАС палестин парламентиндеги 132 орундун жарымынан көбүн утту” деп билдирди.

- “Хамас”, алгачкы жыйынтыктарга ылайык, парламенттеги 132 орундун 75 шине чейинкисин утуп алды. Андыктан биздин топ азыртадан баштап автономиянын президенти Махмуд Аббас жана анын партиясы ФАТАХ менен сүйлөшүп, келерки кадамдагы кызматташтыгыбызды аныктоого аракет кылып жатат. Биз саясий көз-карандысыздык негизинде палестиндердин биригишин каалайбыз, - деди ХАМАСтын ырасмий өкүлү Сами Абу Зихрин.

Палестиндин өкмөт-башчысы Ахмед Курей анын кабинети кызматынан кете турганын жарыялап, “жаңы өкмөттү ХАМАС түзүшү керек” деп билдирди.

- Бул – элдин тандоосу. Аны урматташ керек. Менимче, эгерде мыйзам чыгаруу жыйынында көпчүлүк орунду “ХАМАС” тобу ээлей турган болсо, анда ал келерки өкмөттү түзүшү керек, - деди палестин өкмөтүнүн башчысы Ахмед Курей.

ХАМАС эгерде чын эле шайлоодо жеңип чыга турган болсо, ал куралын ташташы керек деди Улуттар уюмунун баш-катчысы Кофи Анан. Ал бул билдирүүсүн Аннан Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө жасады.
Израил менен АКШ ХАМАСты террордук уюм деп, аны менен кызматташпай турганын билдиришти. Ал эми Евробиримдик “Палестинде тынчтык жолдор аркылуу иштей турган баардык топтор менен кызматташууга даяр экенин” билдирди.

XS
SM
MD
LG