Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

«Кыргыз туусу» гезитинин жамааты нааразылык акцияга чыкты


Бишкек. 30-январда «Кыргыз Туусу» гезитинин эмгек жамааты Ак үйдүн алдына нааразылык акцияга чыкты. Алар премьер-министрдин баш редактор кызматынан Бакыт Орунбековду бошотуу тууралуу чечимин мыйзамсыз деп эсептешип, аны кайтарып алууну талап кылышты. Гезитте иштеген журналисттердин айтымында премьер-министр анын дарегине айтылган сын-пикирлер үчүн жазалоо максатында Б. Орунбековду кызматынан алып койгон. Нааразылык чарага чыккан жамаатты колдоп, акция уюштурулган жерге «Кыргыз туусунун» окурмандары да келишти. Пикетчилерге өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары Урмат Кармышев чыгып сүйлөдү. Бирок эки тарап бир пикирге келе алган жок. Б. Орунбеков «Кыргыз туусу» гезитинин баш редактору кызматынан 27-январда премьер-министр Ф. Куловдун буйругу менен алынгандан кийин гезиттин эмгек жамааты аны колдоо комитетин уюштуруп, гезит окурмандарынан тилектештик максатында кол топтоо акциясын баштаган. Өкмөт аппараты өз кезегинде Б. Орунбеков буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай, кемчиликтерин оңдобой койгондугу үчүн кызматынан алынганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG