Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

ТАНДЕМДИН КЕЛЕЧЕГИ БҮДӨМҮК


Азиза Турдуева, Бишкек Соңку мезгилде мамлекет башчы менен премьер-министрдин ортосундагы мамилени бузууга аракеттер болуп жатканын айрым саясатчылар белгилешүүдө. Тандем таптакыр эле иштебей калды деген кескин пикир айткандар да чыгууда. Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун саясий шериктештиги өткөн жылы президенттик шайлоо алдында түзүлгөн жана аны элдин көбү колдоого алган. Мындай келишим стабилдүүлүктүн сакталышына кепилдик катары да бааланган.

Өткөн аптада премьер-министр Феликс Куловдун жасаган саясий билдирүүсү президент менен өкмөт башчынын ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгонбу деген суроону жаратты. Кээ бир серепчилер буга чейин эле Бакиев менен Куловдун ортосунда бир катар маселелер, өзгөчө кадр маселеси боюнча пикир келишпестиктер бар болчу деген көз караштарын айтып келишкен.

Бирок, Кыргызстандагы айрым саясатчылардын пикиринде, Бакиев-Кулов тандеми өз алдына койгон башкы максатты - өлкөдө стабилдүүлүктү сактоону ишке ашырып келе жатат. Саясат таануучу Жолборс Жоробеков Бакиев менен Куловдун ортосундагы айрым пикир келишпестиктердин болгону бул - мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт:

-Эми тигил же бул маселе боюнча пикир келишпестиктердин болушу - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бир үй-булөнүн ичинде деле канчалаган пикир келишпестиктер болот эмеспи. Мен албетте, президент менен премьер-министр бардык маселелер боюнча бир көз карашта деп айта албайм. Бирок, урунттуу маселелер боюнча алар бир пикирде деп ойлойм. Эң башкысы – тандем менен бизде тынчтык өкүм сүрүп келүүдө.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчилеринин бири Орозбек Дүйшеевдин көз карашында президент менен өкмөт башчынын ортосундагы пикир келишпестиктерге бул эки адам эмес, алардын айланасындагылар күнөөлүү болуп жатат:

-Айрым учурларда президент менен премьер-министр бир маселе боюнча эки башка көз карашта болгондугу – аларга ар кандай маалыматтардын берилип жатышы. Бирине бир башка маалыматтарды беришет, экинчисине таптакыр башка маалыматтарды жеткиришет да, ошентип, алар эки башка чечим кабыл алып калышат. Ошондуктан, мен ойлойм – Бакиев менен Куловдун ортосундагы пикир келишпестиктерге алар эмес, ошондой болушуна кызыкдар болгон алардын айланасындагы адамдар күнөөлүү.

Президенттик шайлоо алдында түзүлгөн тандем бир гана өлкөдө тынчтыкты сактоодо өзүн актап келди, ал эми анын келечеги бүдөмүк деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов:

Биз башында бул тандем чындыгында эле элдин кызыкчылыгында, алакандай кыргыз элин бириктире турган тандем болот деп ишенгенбиз. Эми тандем түзүлгөндөн кийин, элди ойлоп иштеш керек эле да. Бул тандем өлкөдө тынчтык сакталыш үчүн түзүлгөн эле бир гана ошол жагынан өзүн актап келе жатат. Ал эми калган жагынан тандемден майнап чыгара алган жокпуз. Эми мындан ары бул тандем эмне болоору тууралуу айтуу кыйын….

Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов эгерде тандем болбосо, өлкөдө азыркыдай жакшы, жигердүү иш болбойт эле деп ойлойт: Өлкөдө саясий күчтөр эки жээкке бөлүнүп калмак. Негизинен, премьер-министр саясаттан алысыраак болуп, экономикалык маселелер менен көбүрөөк алектениши керек. Эми тандем азыр да иштеп жатат. Мындан ары да иштеши керек.

Көпчүлүк саясатчылар Кыргызстанда мындан ары да туруктуулук болушу үчүн Бакиев-Кулов тандеми сакталууга тийиш деген пикирди карманышат.

Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн Бакиев да, Кулов да, сөзсүз түрдө конституциялык мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Эгерде тандем бузулуп калса, анда өлкөдө кандай кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн – айтуу кыйын болуп калат…, - дейт депутат Жантөрө Сатыбалдиев.

XS
SM
MD
LG