Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

РОССИЯ КАНТТАГЫ АСКЕР БАЗАСЫН ДАГЫ КЕҢЕЙТЕТ


Кыргызстанда дагы жаңы чет элдик аскерий база түзүлбөйт, Канттагы орусиялык аба база өлкөнүн асман мейкинин толук коргой алат, деп билдирди премьер-министр Феликс Кулов 2-февралда орусиялык аба база менен таанышкан соң. Орусиялык аскер базасы Кант шаарчасында 2003-жылы ачылган. Анда азыркы учурда 300 аскер кызмат кылат. Орус элчилиги бул базанын дагы кеңейтип чыңдаларын белгилейт.

Өткөн жылдын сентябрында «Канттагы» абабазага келген Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов жаңы аскерий түзүмдү каржылык жагынан өксүтпөй камсыз кылып турарын айткан:

- Мамлекет буга кийинки жылдары оңой эмес өлчөмдөгү максаттуу каражаттарды такай бөлүп турат. Мына жакында «Кантка» максаттуу пайдаланууга делинип 100 миллион рубль акча бөлүндү.

Орусиялык «Независимая газета» жакында «Канттагы» абабазасына 2003-жылдан бери орусиялык бюджеттен 300 миллион рубль акча бөлүнгөнүн, долларга которгондо бул 10,5 миллионду түзөрүн жазып чыкты. Быйылкы жылга 4,5 миллион доллар акча бөлүнмөкчү.

Пентагон Өзбекстандагы Карши-Канабад абабазасын кармоого бир жылга 163 миллион доллар акча бөлгөнүн, Кыргызстандагы «Манас» абамайданын ижарага пайдалангандыгы үчүн күнүнө 100 миң доллар акча күн сайын төлөп турарын деле ошол эле «Независимая газета» маалым кылды.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов «Кантта» орусиялык аскер абабазасынын жайгашуусунун ыраатын негизинен жергиликтүү эл көрө тургандыгын белгилеп, эки өлкөнүн аскерий-техникалык кызматташуусу жакшы натыйжа берип жатканын айтты:

- Базаны ушул жерге жайгаштырууда биз жаңылган жокпуз. Орусия аскер күчтөрүнүн абабазасынын бул жерде турушу Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн гана коопсуздугун камсыз кылбастан, Кыргызстандын да тынчтыгын коргоп турат. Бул маанилүү бөлүк. Жамааттык коопсуздук келишими, Орусия, Кыргызстан тынчтыгы көбүнесе аскер-аба күчтөрүнө көз каранды. Чындыгын айтыш керек, бизде бул жагынан жагдай кыйын болчу, мына эми асманыбыз корголуп турганы ушул базага байланыштуу.

Кыргызстандын өкмөт башчысы коопсуздукту камсыз кылуу аргасында дагы жаңы аскерий база түзүлбөй тургандыгын билдирди.

- Жок, андай сөз биз менен Орусиянын ортосунда болгон да жок. Билесиздер, мунун баары каржы, башка маселелерге байланат, азырынча ушуну жакшы кармап туруу керек, башкасы тууралуу кеп деле боло элек. Бирок да баңгижолду бөгөш үчүн өлкөнүн түштүгүндө кеңешчилерди же башка бир түзүмдөрдү жайгаштырышыбыз ыктымал. Ал башка өлкөнүн аскерлерин жайгаштырууга байланышпайт.

Канттагы абабазанын колбашчысы Олег Виноградов ушу тапта 300 тегерегинде аскер кызматкерлери иштеп атканын, кийинчерээк ал дагы көбөйөрүн маалымдады. Анын айтуусунда, «Кант» абабазасында орусиялык СУ 25 үлгүсүндөгү 5 аскер учагы, МИ 8 үлгүсүндөгү 2 тикучак, Л 39 үлгүсүндөгү 4 учак жайгаштырылган. Мына ушул аскерий техниканын Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн түштүк чегин коргоого толук мүмкүнчүлүгү бар, деп билдирди О.Виноградов.

- Ушу тапта авиациялык же атайын техниканын санын көбөйтүү жөнүндө маселе карала элек. Азырынча башка чечим жок. Бизге ушул деле жетиштүү.

Абабазаны кармоого орусиялык бюджеттен канча каражат бөлүнөт суроосуна О.Виноградов «биз тек керектөөчүбүз», деген жооп менен гана чектелди. Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Е.Шмагиндин ырасташынча, база жылдан-жылга канатын жайып, кеңейип жатат.

- Албетте, баарын кыймылдуу караш керек. База эки жыл мурда кандай эле, эми кандай. База дагы кеңейет. Бул жерде жетиштүү шарт түзүлгөн соң аскер кызматкерлеринин саны даы көбөйөт,- деп айтты Орусиянын Кыргызстандагы элчиси.

Өкмөт башчы Кант абабазасы тууралуу биртоп жылуу сөздөрдү айтты, анын ыраатын жергиликтүү дыйкандар көрүп жатышканын баса белгиледи. Бирок да ошол эле жергиликтүү калк тынбай учуп-конуп жаткан аскерий учактардын жаратылышка тийгизген таасири кандай болуп жатканы азырынча бийликтин капарына келе элек.

XS
SM
MD
LG