Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

ХАМАСтын лидери Израилди тааныбасын кайра билдирди


Палестиндердин ХАМАС кыймылы Израилди мамлекет деп тааныбайт, бирок, узак мөөнөткө өз ара элдешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Сирияда жайгашкан ХАМАСтын лидери Халед Мешаал мындай сөзү палестиндердин “ал-Хаят ал-Жадида” гезитинин бүгүнкү санында чыкты.
Израилдин “Едиот Аронот” гезити Мисирдин президенти Хосни Мубарактын “ исламчыл ХАМАС кыймылы өкмөт түзгүсү келсе, Израилди тааныш керек жана Мешаалга эмне кааласа, аны сүйлөгөнгө жол койбош керек” деген сөзүн басты.

ХАМАС Палести автономиясында бийлик башына келет деген кооптонуудан улам, Вашингтон Палестинага жардам көрсөтүү боюнча жаңы долбоорлорду токтотконун АКШнын Израилдеги консулу Якоб Уэльс билдирди.

XS
SM
MD
LG