Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Жалалабатта облустук сот алдында төрт адам мөөнөтсүз пикет башташты


ЖАЛАЛАБАТ. Нааразылык акциясына чыккан төрт адам калемгер Жаныбек Момуновду туура эмес соттолду деп эсептешет. Алар облустук соттун темир кашааларына Момуновдун саясий жана адамдык укуктарын коргоо жана Сузак райондук соттун эки судьясын кызматтан кетирүү талабы бар плакатттарды илип коюшкан. Калемгердин адвокаты Абдимиталип Аблакимовдун билдирүүсүнө караганда пикет соттун чечими жокко чыгып, Момунов бошотулгуча улантылат. Райондук сот 2-февралда аны айыптуу деп таап, катуу тартиптеги түрмөдө 3 жыл олтурууга өкүм чыгарган. Соттун мындай чечим чыгарышына Жогорку Кеңештин депутаты Эргеш Төрөбаевдин арызы себеп болгон. Жаныбек Момунов аталган депутаттын мурдагы арыздары боюнча 7 жылга соттолгон. Абакта 3 жыл болгондон кийин мунапыс мыйзамына ылайык бошотулган.

Аба ырайы

БИШКЕК. Метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 4-февралда республика боюнча жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +7...+12 градус.
Чүйдө түнкүсүн -1...+4, күндүз +8...+13 градус.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн -3...+2 градус, күндүз +9...+14.
Ысыккөлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз +3...+8 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -1...-6 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0...+2, күндүз +10...+12 градус.

Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров
Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG