Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Дунгандар менен кыргыздар арасында араздашуу чыкты


БИШКЕК. 5 -февралда Чүй районунун Искра айылында жашаган кыргыздар менен дунган улутундагы адамдардын ортосунда чыр-чатак ырбап, ок атылып, үй-жайлар таш бараңга алынып, өрт коюлду. Бул маалымаатты ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев тастыктады. 3- февралда аталган айылда жашаган Айнаев Харки аттуу дунган улутундагы адамдын балдары кыргыздардын балдарын сабап койгон. 4- февралда айылдын 200гө чукул тургуну чогулуп коомдук тартипти бузат деген негиз менен алты үй-бүлөнүн 24 саат ичинде айылдан көчүп чыгып кетишин талап кылышкан. Нурдин Жангараевдин айтымында, 5-февралда кайрадан жыйын өтүп, анда жергиликтүү бийликтин, дунгандар ассоциациясы баштаган коомдук уюмдардын өкүлдөрү айылдыктардын талабын аткарууга убакыт берүүнү суранышкан. Аңгыча чогулган элге “Фольксваген” үлгүсүндөгү автоунаадан бирөөлөр бир нече жолу ок аткан. Октун бири жергиликтүү тургундун минип турган атына тийген. Жаалданган адамдар дунган улутундагы адамдардын үй-жайын таш бараңга алып, короо- жайына өрт коюшкан. Автоунааны кармаган учурда андагы дунган улутундагы төрт адамдын жанынан РГД-5 үлгүсүндөгү бир граната, автоунаадан ыргытылып жиберилген дагы эки граната, Байкал үлгүсүндөгү тапанча жети огу менен табылган. Алар милиция тарабынан убактылуу камакка алынышты.

XS
SM
MD
LG