Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

ЧЕЧЕНСТАНДА ЖАРДЫРУУДАН 12 КИШИ КӨЗ ЖУМДУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Чеченстан жумуриятынын Курчалой кыштагында, кечөө кечки саат тогуздар чамасында, «Восток» согуштук казарманын эки кабат имараты жардырылган. Чукул кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүгү айткандай анын айынан 13 киши көз жуумп 20дан ашуун киши жарадар болушкан. Казарманын имараты толук жок кылынган жана жардыруу эмнеден улам болгонун так билүү эмдигиче боло элек. Алдын ала айтылган божомолго караганда казарманын имараты ашканадагы газ балону жарылып кетип кыйраган жана ушул болжол астында Чеченстан прокурору кылмыш ишин ачкан.

Агенттиктер жазганга караганда Чеченстандын Курчалой кыштагында тогуз жолдун тоомуна жайгашкан «Восток» казармасында атайын кызматтагы батальондун төртүнчү ротасы турчу экен. «Восток» батальону ырасмий түрдө Орусия коргоо министрлигине баш ийип 42 дивизиясынын катарында, а иш жүзүндө ал Генштабдын башкы чалгындоо башкармасынын ишин кылат. Ал батальон Чеченстан жеринде жашыруун операцияларды жасашат дешет. «Востокту», мурдагы Ичкерия жумуриятынын талаа командири, кезегинде федералдык күчтөр тарапка өтүп кетип ошондон улам Орусиянын баатыры наамын алган Сулим Ямадаев башкарат деген божомол бар. Казармасы талкаланган рота дегинкиси, мурда, жикчилдер тарапта күрөшкөн чечендиктерден уюшулган эле деп айтылып келет.

Баса, «Восток» батальону 2005 жылы жайында Бороздиновская станциясында жүргүзгөн тазалоосунан соң ал жактагы аварлар Дагстанга качып, Орусия коомчулугу кыйла дуу-дуу болгон. Саясий анализчилер чөйрөсү мына ошол Ямадаев башкарган батальондун Чеченстандын өзүндө азыркы учурда кыйла жоосу бар экенин айтышат. Муну алар деле жасап коюшу ыктымал эле дешет.

Шейшемби күнү кечки саат тогузга чукул жардырылган эки кабат имараттын ордунда азыр короодой чукур аң калып тыйпыл болгонун сыналгылар көргөзүштү. Ал окуядан улам Курчалойго барган Чеченстан лидери шаршембиде муну себебин газ отунун жакшылап жага албагандан улам чыккан кокустук деп түшүндүрдү:

«-Мен райондук газ кызматындагылар бул жердеги газдын оң же бузук экенин текшерип көрүшпөгөнүнө жүз пайызга ишенемин», - деди Чеченстан президенти Алу Алханов.

Саал мурдараакта жумурият прокурору Валерий Кузнецов да бул жардырууга газ отуну себепчи болгон деген болжол айткан болуучу. Ошондуктан Курчалойдо казарманы жардыруу боюнча кылмыш иши козголуп ал жерде «шалаакылык» жана «өрткө каршы коопсуздук эрежесин бузгандык» деп жазылган. Прокурор дагы бир кебинде бул террордук акты болушу деле ыктымалдыгын айткан. Мына ушул ойдун чындыкка коошо турган жагы бар экенин кайсы бир анализчилер белгилешет. Маселен, согуштук эксперт Виктор Баранез болжолунда, бир эле сыналгыдан көргөзүлгөн сүрөттөрдү көрүү, билген киши үчүн, анын тротил кубаты менен болгонун түшүнсө болот дейт:

«-Бул жерде, тротил күчү менен жардыруунун бардык жышанасы бар. Кантсе да анын (казарманын – ММ) алдына 10 кадактай тротил коюп жардырылган», - дейт Баранез.

Казарма жардырылганда анын ичинде канча адам болгону туурасында маалымат ар башка айтылууда. НТВ сыналгысы билдиргенге караганда казармада 43 киши болгон. «Время новостей» басылмасы жазганга караганда жарадар болгондор эсеби 30 киши. Демек, ага көз жумган 13 кишини кошо келгенде 43 киши болуп чыгат. Ушундан улам кайсы бир анализчилер «бул жыйынтык артында кандайдыр бир саясий шылтоо катылуу экенин» белгилешет. Чеченстан бийлиги буга окшогон оор жоготуу болгондо аны кокустуктан болгон кырсык кылып көргөзүү аракетин жасашат. Ошондой эле бул жолу «Восток» командачылыгы да жардырууну диверсиялык же террордук акты эмес эле газ кырсыгы экен дешин каалар эле», - дешет.

XS
SM
MD
LG