Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ИШКАНАСЫНА КАРШЫ ДОО АРЫЗДЫ СОТ КАРАП БАШТАДЫ


15-февралда Бишкек райондор аралык соту «Кумтөр голд компани» жабык акционердик коомунан жер салыгын өндүрүп берүүнү сураган доо арызды кароого киришти. Доо арызды Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков менен Жетөгүз райондук мамлекеттик администрациясы берген.

Жетөгүз районун Кумтөр аймагында алтын иштетип жаткан канадалык ишканадан доогер тарап 47 миллион сомдон ашыгыраак каражат талап кылып жатат. Бул сумма 2002-жылы кабыл алынган «Айыл чарба жайыттарын, дача, короо-жай участокторун, айылга таандык жерлерди, айыл чарбага ылайыкташпаган жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкалары» жөнүндөгү мыйзамдын негизинде эсептелип чыккан. Депутат Исабеков менен Жетөгүз райондук мамлекеттик администрациянын өкүлү Бейшеновдун сотто негиздегендерине караганда, «Кумтөр голд компани» менен Жетөгүз райондук бийликтин ортосунда талаш-тартыш 2000-жылдан бери уланып, ал кыргыз тарапты 2 миллион сом чамалаш чыгымга кирептер кылды. Бирок, андан майнап чыкпай жатат. Депутат Исабековдун көз карашында «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилиги 1994-жылы кабыл алынган эки тараптуу чарбалык келишимди жана жергиликтүү мыйзамдарды аткаруудан атайылап баш тартып, моюн бергиси келбей жатат.

Бирок, канадалык компания мындай доомат менен караманча макул эмес. Ишкананын соттогу өкүлү Владимир Чернышев, маселен, доогер тараптын ишканага салык акы доолап жатышы мыйзамсыз дейт:

- Бизге алардын коюп жаткан талаптары негизсиз. Биз мыйзамдын, азыр иштеп жаткан «Жер жөнүндөгү» кодекстин негизинде иштеп жатабыз. Салык кодексинде болсо буга байланыштуу эч нерсе айтылган эмес.

Владимир Чернышовдун ынандырганына караганда, мыйзам боюнча салык инспекциясы жер үчүн салыкты ижарачыдан эмес, жер ээсинен, башкача айтканда, Жетөгүз райондук мамлекеттик администрациясынан талап кылышы керек.

Депутат Исабеков мурдагы бийликтин учурунда ишкана караманча кол тийгис болуп келген дейт. 1994-жылы кабыл алынган макулдашуунун, жергиликтүү мыйзамдардын аткарылбагандыгынын себебин ушул өңүт менен да байланыштырды. Депутат ижара акысын ишкана мыйзам боюнча өнөр жай аймагы катары төлөшү керек. Бул көз жаздымда калган. Натыйжада ишкана өткөн 13 жыл ичинде 302 миң сом акы төлөө менен чектелген:

- Бул жерде так, даана жазылып турат. Жерди пайдалангандыгы үчүн ижарага алган тарап, б.а. «Кумтөр» Кыргыз өкмөтү белгилеген жер салыгынын ставкасына таянып жыл сайын жердин тиешелүү категориясы, тобу үчүн аренда акы төлөйт. Демек, алар курулушту баштагандан тарта, өнөр жай аймагы катары жердин ставкасы башка болушу керек эле.

Канадалык ишкана өкүлү Жогорку Кеңештин депутатынын сүйлөгөн сөзүнүн айрым өңүттөрүн сотко кысым катары белгиледи. Отурумду алып барып жаткан судья Аниса Качкыналиева мындай билдирүүгө кескин пикир айтты:

- Бул биздин райондор аралык сотко тиешеси жок. Бир дагы депутат, керек болсо президент бизге кысым көрсөтө албайт. Биз мыйзамга баш ийебиз. Мен өзүм кол коем, өзүм жооп берем. Бул сөздү токтотуңуз. Сотко урмат менен мамиле кылышыңызды сурайм.

Анткен менен Кубанычбек Исабеков Владимир Чернышовдун дооматын протоколго киргизүүнү соттон суранды.
Мындай кер-мур айтышуунун соңунан судья отурумдун мындан аркы бөлүгүнө журналисттердин катышуусун ылайыксыз деп эсептеди. Муну иштин өңчөй чарбалык талаш-тартышка байланыштуу экендиги менен негиздеди. Судьянын айтымында, бул иш кыйла татаал, ошондуктан, аны териштирүү бир топ убакытты талап кылышы ыктымал.

Бул күнү Бишкек шаардык райондор аралык соттун имаратынын алдында Жетөгүз шайлоо округунан шайланган депутат Кубанычбек Исабековду колдоп, 20 чамалаш жетиөгүздүк шайлоочулар пикетте турушту. Сот ишин 16-февралда улантмай болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG