Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

РОССИЯ КАНТТАГЫ АСКЕР БАЗАСЫН КЕҢЕЙТИП ЧЫҢДАЙТ


Азиза Турдуева, Бишкек Канттагы авиабазаны кеңейтүү жөнүндө Россиянын максаттуу иш алпарып жатканын 16-февралда Бишкекте иш сапар менен жүргөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башчысы Николай Бордюжа билдирди. Анын айтымында Канттагы аскердик база андагы кызмат кылган аскерлердин санын көбөйтүү, согуштук техниканын кубатын арттыруу аркылуу чыңдалат.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башчысы Николай Бордюжа Канттагы авиабазанын курамы кеңейтилиши буга чейин каралган пландарга ылайык жургүзүлөөрүн Бишкектеги сапарынын сонунда билдирди:

Канттагы авиабазынын аскер кызматкерлеринин санын көбөйтүү жана андагы согуштук техниканын кубатын чыңдоо узак мөөнөткө эсептелген планда аныкталган. Бул план Кыргызстандын жетекчилиги менен макулдашылган. Бүгүнкү күндө Кант авиабазасы жөнүндөгү Макулдашуу Россиянын Мамлекеттик Думасында ратификациялангандан кийин, Россиянын коргоо министрлиги бул авиабазаны өнүктүрүү иштерине киришти .

Николай Бордюжа Жамааттык коопсуздук уюмунун алдында бул аймакка коркунуч туудурган факторлорго каршы күрөшүү маанилүү милдет болуп жатканын баса белгиледи:
Жамааттык коопсуздук уюм үчүн бир нече принципиалдуу нерсе өтө маанилүү. Биринчиден, уюмга кирген өлкөлөрдөгү стабилдүүлүк, экинчиден, - экинчиси- бардык аракеттерди коопсуздукту камсыздоо үчүн багытталган уюмду өнүктүрүү. Бүгүнкү күндө биздин аракеттер уюмга мүчө өлкөлөрдүн терроризмге, диний экстремизмге, баңгизаттарга каршы күрөшүн интеграциялоого багытталууда. Бул аракеттер ошондой эле уюмдун коркунучтардын кандай түрлөрү болбосун, аларга каршы күрөшүүгө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган .

Николай Бордюжанын айтымында, бул маселелер уюмдун Минскиде өтө турган жыйынында да талкууланмакчы. Николай Бордюжа менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басарынын Кыргызстанга жасаган сапарынын башкы максаты – да Минскде өтө турган кезектеги жыйынында карала турган маселелерди талкуулоо, ошондой эле Кыргызстандагы саясий абал менен жакындан таанышуу болду.

Николай Бордюжа Кыргызстандагы кырдаалга карата да көз карашын билдирип өттү:

Азыр Кыргызстанда саясий тармакта да, бийлик бутактарында да позитивдүү жылыштар орун алып жаткандыгы байкалып турат. Кыргыз бийлиги азыр эки экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну коздөп турат. Бирок, өлкөдө стабилдүүлүк болгондо гана, бийлик бутактарынын ортосунда карама-карышылыктар болбосо жана кылмыш топтору бийликке кирүү аракеттери болбогондо бул долбоорлор ишке ашышы мүмкүн. Биз да Кыргызстанга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярбыз.

Николай Бордюжа менен бирге Бишкекке келген Россиянын Коопсуздук Кеңешинин төрага орун басары Юорий Зубаков Россия Кыргызстан менен натыйжалуу кызматташууга кызыкдар экендигине токтолду:

Албетте, Кыргызстан азыр өзүнүн тарыхында жөнөкөй эмес мезгилди башынан өткөрүп жатат. Биз, россиялыктар жана Россия Кыргызстандын өнүгүшүнө кызыкдарбыз. Биз бул кызматташуу натыйжалуу болушун каалайбыз. Эки өлкөнүн президенттери акыркы сүйлөшүүсүндө эле бир топ маселелерди чечип коюшту. Бизде кызматташууга түшүнүү жана кызыкчылык бар , - деди Юрий Зубаков.


Николай Бордюжа маалымдагандай, Бишкекке келээрден мурда ал Ташкенде болуп, президент Ислам Каримов менен жолугуп сүйлөшкөн. Тараптар терроризмге, экстремизмге жана башка коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкуулашкан. Бирок, азырынча Өзбек бийлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкө катары кирүү сунушун айта элек.


Сүрөттө: Кыргызстандын премьер-министри Ф. Кулов 2-февралда Канттагы орус аскер базасына барган учур.

XS
SM
MD
LG