Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Палестина автономиясы менен Израил ортосундагы мамилелер бузулуп баратат


Палестинада 25-январда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо жеңип чыккан ХАМАС уюму премьер-министрлик кызматка кечээ күнү Исмаил Хание деген укукчуну көрсөттү. Израил өкмөтү болсо бүгүн Палестина автономиясына каршы дагы бир чечим кабыл алды жана ага ылайык, бажы түйүндөрүнөн чогултулган акча автономияга азырынча берилбейт. Андай төлөмдөрдү Палестинанын атынан жөөт өкмөтү чогултат. Ал эми эртең менен жөөт учактары Газа тилкесин дагы бир жолу бомбалады жана күбөлөрдүн айтымында, андан кеминде эки араб жигити курман болду. Израил өкмөтүнүн айтканына караганда, алар бомба жардырууга даярданып жаткан.

XS
SM
MD
LG