Ирактын Самарра шаарындагы шийи мусулмандары ыйык деп эсептеген күмбөздө бүгүн жарылуу болуп, анын алтындалган үстү урап түштү. Өлкөнүн коопсуздук кызматынын өкүлү Мувафак Рубаинин айтымында, куралчан бир нече адам күмбөздүн ичине кирип, полиция менен башка кайтаруучуларды колго түшүргөн жана андан соң бомба коюп, өздөрү качып кеткен. Өкмөттүк жана америкалык аскерлер аймакты курчоого алып, иликтөө иштерин баштады. Миңдеген шаар тургуну көчөгө чыгып, жарылуу уюштургандарды таап, жазалоону талап кылууда, онго жакын шектүү адам кармалды.