Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

АТА-ЭНЕ МЭЭРИМИНЕН КУР КАЛГАН АЛТЫМЫШ МИҢ БАЛА КАРАЛБАЙ ТЕНТИП КАЛДЫ


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 60-70 пайызы жакыр жашайт. Мына ошол жакырлыктан жапа чеккендердин негизги катмарын балдар түзөт. Күн санап өсүп бараткан жакырчылыктан кантип чыгууга болот? Бишкекте эки күндөн бери жүрүп жаткан Форум ушул маселелерди карады.

Демократиянын 15 жыл ичинде Кыргызстандын калкы оокаттуу, ортозар жана жакыр болуп жиктерге бөлүнүп кетти. Бул эч кимге жашыруун эмес. “Эң ойлондура турган нерсе – карапайым эл менен бийликтин эки жээкте туруп калганы” деди “ Үйбүлө жана жакырчылык, анын проблемалары жана андан чыгуунун жолдору” деп аталган Форумда Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгулов:

-Менин оюмча, баарыбыз бирдиктүү аракет кылсак, элдин алдында чечилбес маселе жок.

Атайын изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 14 миң үйбүлө өтө жакыр турмушта күн кечирүүдө. Башкача айтканда алар айына 110 сомдон 350 сомго чейинки киреше деңгээлинде жашап жатышат. Кедейликтин айынан 2004-2005-окуу жылында 2 жарым миң бала мектепке барбай калды. 2005-жылы эле укук тартибин бузгандыгы үчүн жашы жетелек 11 миңден ашуун бала ички иштер органдарына түшкөн. Ырасмий маалымат боюнча Кыргызстанда бүгүнкү күндө көчөдө калган балдардын саны – 20 миң. Болжолдуу эсеп боюнча 60 миңге чукулдайт. Жогорку кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин башчысы Бектемир Мурзубраимов өз сөзүндө - айыл жерлериндеги жаш үйбүлөлөргө микрокредиттерди бөлүү менен жеринде кам көрүү зарылдыгын айтып, мындай мисал тартты:

-Нарын жергесиндеги Жергетал айыл өкмөтүнүн “Жаңы багыт” прграммасын айткым келет. Себеби бул программада жаңы үйлөнгөн жаштарды айыл жеринде алып калуу, аларга иппотекалык жол менен үй куруп берүү, жеңилдетилген кредит берүү каралган. Быйылкы жылы ушундай максатка өкмөт тарабынан 200 миллион сом каралып жатат.

Жакырлыкта жашап аткан калк катмарынын көпчүлүк бөлүгүн балдар түзөт. Ата-энелери тарабынан, башка адамдар тарабынан зомбулукка көп учурагандар да балдар. Жакыр үйбөлөлөрдүн саны Кыргызстандын түштүк аймагында - өзгөчө Баткен облусунда жана Нарын жергесинде өсүп баратат. Мына ошол жакыр үйбүлөрдө - көбүнүн ата-энелери жумуш издеп жер кезип кетип же ичкиликке берилип, балдар дээрлик кароосуз калган.

Аталган форумда чыгып сүйлөгөн ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы председателинин милдетин аткаруучу Стюарт Макнаб жакырчылыктан чыгуунун эң башкы жолу балдарды сүйүүдө, мамлекеттин - эң башкы көңүлдү балдарга айныксыз буруусунда деди:
Алдыда – балдар жакырлыгын жоюуда – энелердин өлүмү менен, ачкачылык менен күрөшүп, ар бир балага билим берүүнү камсыздап, балдарга тиешелүү тармактар биргеликте иш алып баруусу зарыл. Баягы эле тапталган жол менен, жалындуу айтылган сөз менен балдарды бактылуу кылалбайбыз. Андыктан кыйналып аткан ар бир баланы жана анын үйбүлөсүн ар тараптуу колдоону - жакырлыкты жоюудагы улуттун эң башкы стратегиясы катары кароо керек. Антпегенде мындан чыгуу мүмкүн эмес.

Изилдөөгө караганда – дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүндө гендердик теңчилик камсыздалыптыр, кайсыл мамлекетте аял-эркек теңдиги тең чечилип келатса – ошол мамлекет алдыга кетиптир. ЮНИФЕМдин кыргызстандагы атайын гендердик проекттер боюнча улуттук кеңешчиси Жаңыл Абдылдабек кызы – жакырчылыктан чыгуунун дагы бир жолун Кыргызстанда гендердик теңчиликтин жөнгө салынышынан көрөт:

Бүгүнкү күндө бизде гендердик проблемаларды көтөрүп чыгууну басуу, тыюу, өчүрүү жүрүп келатат. Гендердик көйгөйлөр аялдардын гана көйгөйүндөй... Эркектерге анча тиешелүү эместей... Биерде жандүйнө ачарчылыгын да ойлойлу... Өзүнүн үйбүлөнү багуу милдетин сезбей, аймончоктой балдардын энесин көгала кылып сабаган эркекти көрүп чоңойгон балада - адамды сүйүүнүн асыл сапаттары калыптанабы...

XS
SM
MD
LG