Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Жазгы талаачылык иштерин өкмөт башчы көзөмөлдөйт


БИШКЕК. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, жазгы талаачылык жумуштарынын башталышына 10 күндөй гана убакыт калды. Ошондуктан, ишти өз убагында жүргүзүү үчүн өкмөт башчы Феликс Кулов башында турган республикалык штаб түзүлдү. Өлкө боюнча жазгы талаачылыкка 39 миң тонна күйүүчү май керектелери болжолдонууда. Мындан сырткары Кыргызстан үчүн эң зарыл болгон жер семирткичтерди өндүрүүчү завод куруу маселеси да козголууда. Бул багытта айыл чарба министрлиги кытайлык инвесторлор менен долбоорлорду иштеп чыгууда. Эгер ал ишке ашса жылына кеминде 500 миң тонна жер семирткич өндүрүүчү завод курулат.

XS
SM
MD
LG