Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

ОРЛОВКА :РАДИОАКТИВДҮҮ ТАШТАНДЫДАН БАЙЛЫК ИЗДЕГЕНДЕР ДАГЫ ЭЛЕ БАР


Кемин районундагы Орловка айлынан орун алган таштандыдан кремний казуу иши токтотулгандыгын райондук администрациядан билдиришти. Ошол эле убакта бейөкмөт уюмдар жана коомчулук таштанды жабылбай эле, бүгүнкү күндө да жүздөгөн адамдар ал жерди чукулап жүрүшкөндүгүн айтып жатышат. Буга чейин бейөкмөт уюмдар бул таштандыда радиациянын деңгээли нормадан бир нече эсе ашыкча экендигин белгилешип, аны жабуу тууралуу маселе көтөрүп чыгышкан болчу.

Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Кыргызстанда таштанды чукуп, жан багуу кадимки көрүнүшкө айланып калган. Азыркы учурда дээрдик ар бир аймактын өзүнүн “Кумтөрлөрү” же башкача айтканда, адамдар чукулап жан багуучу таштандылар бар. “Кенчилердин” өздөрү кээ бир таштандыларда каза турган эчнерсе деле калбагандыгын айтышат.

Мына ушундай таштандылардын бири Кемин районундагы Орловка айлына кире бериште жайгашкан. Бул жерге кыргыз тоо-кен комбинатынын жана Чүйдөгү жугуштуу оорулар ооруканасынын таштандылары төгүлгөн. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул таштандыны чукулоо ишинин башталганына жыл айланып калды. Ал жерден негизинен кремний казылып алынат.

Февраль айынын башында айрым бейөкмөт уюмдары бул таштандыда адам өмүрүнө зыяндуу радиациянын деңгээли өтө жогору экендигин белгилешип, аны жабуу талабы менен чыгышкан. Адвокаттар ассоциациясынын жетекчиси Акин Токталиев да кишилер күнүмдүк оокат деп, чукулап иштеп жүрүшкөн таштандыда радиактивдүү газдардын деңгэли жогору экендигин белгилеп, буга жергиликтүү бийлик көз жуумп коюп атат деген дооматын билдирди:

-Райондук сан-эпидемиологиялык кызматы эскертүүсүн берген, мына 2-февраль, 2006-жылы текшерип, анын жыйынтыгын чыгарып жазып атат: бул таштандыда 40 микрорентгенден 400 гө чейин радиактивдүү газ бар экенин аныктаган. Таштанды казуу токтотулсун деп атат.



Бирок жергиликтүү жетекчилер бүгүнкү күндө абал башкача экендигин кабарлашууда. Кемин районунун акиминин 1-орун басары Ажыбаевдин айтуусунда, аталган таштандыда радиациянын деңгээли жогору деген маалымат туура эмес:

-Чукул кырдаалдар министрлигинин, республикалык сан-эпидемиологиялык станциянын адистери менен барып, ошол жерде текшергенбиз. Ал жерде адам өмүрүнө коркунуч келтире турган деле радиация жок. Бирок заводдон чыккан таштандылар төгүлгөнү ырас. Кремнийдин калдыктары төгүлгөн экен, ошону угуп алып эле барып казып атышат.

Акимдин орун басары ошентсе да, таштанды боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөндүгүн жана бүгүнкү күндө таштанды жабылып, милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө тургандыгын билдирип кетти:

-Өткөн жумада эле аким чечим чыгарган, жабылсын деп. Биз аны милицияга бердик. Азыр ал аймак толук милициянын кайтаруусунда турат.

Акимдин 1-орун басарынын сөзүн адвокат Акин Токталиев жокко чыгарды. Анын сөзү боюнча, таштанды чукуган кишилердин саны азайганы менен таштанды жабылган жок:

-Элдер таштандынын өтө зыяндуу экендигин түшүнгөн адамдар кете башташты. Бирок буга чейин алар таштандыны чукулоого уруксатты акимден, прокурордон жана милициядан алышкан.

Ушундай эле сөздү жергиликтүү тургундардан да угууга болот. Өзүн тааныштыргысы келбеген маектешим, таштандыга барып иштеген айылдаштары ооруга чалдыга баштагандыгын айтып өттү:

-Иштеп эле атышат, азыр деле. Биздин айылдан деле барып иштешет. Мен өзүм көргөн жокмун, бирок ооруп атат деп уктум.

Чукул кырдаалдар министрлиги бул таштандыларды жабуу үчүн 100 миң сом бөлүнгөнүн билдирди. Адистер бул каражат таштандыларды зыянсыздандырууга жетпей турганына тынчсызданышып, бийлик буга олуттуу мамиле жасоого тийиш экендигин эскертишүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG