Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Төраганы шайлоо создугуп кетсе парламентте кризис башталабы?


БИШКЕК. Добуш берүүнүн акыркы турунда жетиштүү добуш топтой албай калган талапкер Кубатбек Байболов төраганы шайлоо эми узак мезгилге созулушу ыктымал дейт. Депутат Камчыбек Ташиев төраганы ыкчам шайлап албаса, парламентти таратуу шарты түзүлөрүн белгиледи. Эгер төраганы шайлоого 10-15 күн танапис жарыялап, келерки талапкерлерди салмактап туруп, кайра киришпесе парламентте кризис башталат деген көз караштагы саясатчылардын бири Мелис Эшимканов болду. Анткен менен, кыйла депутаттар төраганын жоктугу парламентке эч кандай кризис алып келбейт, парламент ишмердүүлүгүн төраганын орун басары Эркинбек Алымбековдун башкаруусунда уланта берет дешет. Мурдагы төрага Өмүрбек Текебаев жана анын орун басары Болот Шерниязов кызматтарынан өз каалоосу менен кеткенде Эркинбек Алымбеков палатанын сунушуна ылайык кызмат ордунда калган. Бирок, жаңы төрага шайлангандан кийин кызматынан кетерин билдирген.

XS
SM
MD
LG