Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевди кызматынан алуу сунушу менен депутаттар президентке бир нече жолу кайрылып, ага ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдиришкен. Бул алгач октябрь айында, маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнөн кийин болгон. ЖК кезексиз жыйынында депутаттар түрмөлөрдөгү башаламандыкка жол койгон негизги кызматкер катары ГУИНдин жетекчисинин мурунку орун басары жана учурда улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевдин атын аташып, анын отставкасын талап кылышкан. Депутат Мелис Эшимкановдун ою боюнча, УКК буга чейинки дагы эки депутаттын: Жыргалбек Сурабалдиев менен Баяман Эркинбаевдин өлүмүнүн да бетин ачалган жок, ал эми Тынычбек Акматбаевдин өлүмү Таштемир Айтбаевге ишеним көрсөтпөөгө негизги себеп боло алган.
Депутат Эшимканов ошондой эле жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө киши колдуу болгон спортчу Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө тиешелүү деп саналган УКК кызматкери Исманкуловдун чуусунан кийин деле Айтбаев жетекчи кызматынан чегинсе болмок деген пикирин билдирди:
-Парламент УКК жетекчисине бир эмес эки жолу ишеним көрсөткөн жок. Бул парламенттин жеке кызыкчылыгы эмес. Ошондуктан президент Бакиев бул жагдайда чечкиндүү кадамдарды таштоого тийиш болчу.
Депутаттардын айтымында УКК кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевдин президент Курманбек Бакиевге тууганчылыгы бар, ал эми президенттин уулу Марат Бакиев Айтбаевдин жардамчысы болуп иштейт.
УКК кызматынын кызматкери Алдаяр Исманкуловдун чуусунан кийин коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Ханды башка мамлекеттин жарандыгын мыйзамсыз алып жүргөндүгү үчүн кызматтан алууну жана аны бул кызматка алып келген коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун да кызматтан чегинүүсүн айрым депутаттар президентке сунуш кылышкан эле. Бирок бул сунуш жалпы парламенттин добуш берүүсүндө өтпөй калган. Ошол убакта коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов маалымат жыйынын өткөрүп, өз орун басарынын башка мамлекеттин жараны экендиги далилденсе, орун басары менен кошо кызматтан кетерин жарыя кылган болчу. Бирок натыйжада Вячеслав Хан кызматынан бошотулду.
Вячеслав Хандын Кыргызстан менен кошо эле Казакстандын да жарандыгын алып жүргөндүгүн депутат Темир Сариев далилдеп чыккан эле.
-Тилекке каршы бизде жогорку кызматта турган кишилер сөздөрүнө турбайт. Кыргызда “эр жигиттин сөзү өлгүчө өзү өлсүн” деген сөз бар. Коопсуздук кеңешинин катчысы улуу трибунадан туруп алып, айткан сөзү бар эле. Бирок сөз айткан адам дагы деле креслосунда отурат,-дейт Темир Сариев.
Айрым саясатчылар тарабынан бул маселенин кайрадан көтөрүлүп жатканына коңшулаш Казакстандагы кырдаал түрткү болгон сыяктуу. Өткөн жумада Казакстандык оппозиционер Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен улуттук коопсуздук комитетинин "Арыстан" деп аталган атайын бирикмесинин беш кызматкери кармалган эле. Бул окуядан соң аталган комитеттин төрагасы Нартай Дутбаев кызматтан чегинген.
Депутат Мелис Эшимканов Кыргызстандык төбөлдөр коңшуларынан үлгү алса болмок деген пикирде:
-Адатта биз батыштан, Америкадан мисал алып жүрөбүз. Бул жолу коңшу Казакстанды эле карасак, оппозициядагы Алтынбек Сарсенбаев өлтүрүлгөндө президент Назарбаев өзү көзөмөлгө алып, шектелген беш азамат кармалганда аларга байланыштуу УКК жетекчиси кызматынан кетти.
Депутат Исхак Масалиев Кыргызстандагы абалды Казакстан менен салыштырууга болбойт деген ойдо. Анын айтымында, Казакстандык УКК жетекчиси президенттин кызынын талабынан кийин гана кызматынан чегинген:
-Казакстанда президенттин кызы “УКК жетекчиси кызматтан кетсин” деп айткандан кийин кетти да. Эгер бизде да ошентип, президенттин уулу же кызы УКК жетекчиси кызматтан кетсин деп айтса, мүмкүн кетмек.. Биз парламент өзүбүздүн сунушубузду билдирдик, бирок аны кабыл алуу албоо—президенттин конституциялык укугу.
Айрым бир пикирлер боюнча, биздеги атка минерлер мамлекеттик кызматтан кетүүнү кандайдыр бир оор жоготуу катары көрүшөт. Бул өз учурунда алардын мамлекеттик кызматын өз ыктыяры менен өткөрүп берүүсүнө жолтоо болот. Депутат Тайыр Сарпашев ЖК төрагалыгынан өз ыктыяры менен чегинген Өмүрбек Текебаевди мисал келтирип, мындан ары ушул салт улана берет деген ишеничин билдирди:
-Менин оюмча, жаңы муун келгенде кызматтан кетүү чоң жоготуу катары саналбай калат. Анткени азыркы кызмат төбөлдөрү эски коммунисттик доордо тарбияланып калгандыгы белгилүү. Мына, ЖК төрагасы Өмүрбек Текебаев деле кызматынан өз ыктыяры менен чегинди. Мындан ары да ушундай боло берет.
Талдоочулар учурдагы кырдаалга жараша президент баары бир кадрдык алмаштырууларды жасайт деген жоромолдорун айтышууда. Март ыңкылабынын бир жылдыгына чейин жогорку жетекчилик орундарда чоң бир өзгөртүүлөр болушу күтүлүп жатат дешет алар. Биз бул тууралуу жакында эле президент менен жолугушуп чыккан депутат Азимбек Бекназаровдон тактоого аракет жасадык. Анын айтымында парламент президенттин каалоосуна ылайык, төраганы алмаштырууга макулдугун берди, ошондуктан, эми президент да парламентти угууга тийиш:
-Анткени парламент суранып атат, коомчулук талап кылып жатат. Президент дагы ушуга тийиштүү бир жыйынтык чыгаруу керек. Ошондуктан, парламент аларды угуп аткандан кийин, аткаруу бийлиги да ага ылайык жооп берүүгө тийиш.
Азимбек Бекназаров кадр саясатын жүргүзүү президенттин өз иши экендигин да белгилеп кетти.