Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Март окуясы боюнча китеп чыкты


БИШКЕК. Саясат таануучу жана журналист Александр Князев 28-февралда «Акипресс» маалымат агенттигинде «2005-жылдын 24-мартындагы Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүш» аттуу китебинин бет ачаарын өткөрдү. Аталган китепте Кыргызстандагы бийлик алмашууга алып келген ички жана тышкы жагдайлар иликтенген. Автор Кыргызстанда ыңкылап эмес, жөн гана бийликти алмаштырган төнкөрүш болду деп эсептейт. Анын айтымында, ага ошол кездеги бийликтин алсыздыгы, коррупцияланышы сыяктуу нерселер себеп болгон. Учурда бул китепти кыргыз тилине которуу аракеттери көрүлүүдө.

Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда, 1-мартта Кыргызстандын аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз +12...+17 градус.
Чүй облусунда түнкүсүн 0...+5 градус, күндүз +12...+17.
Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз +2...+7 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -2...-7 градус.
Борборубуз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +14...+16 градус.

Бурулкан Турдубек кызы, Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG