Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВ МАРАТ СУЛТАНОВДУН ПАРЛАМЕНТТИ КОНСТРУКТИВДҮҮ ЖОЛГО САЛАРЫНА ИШЕНЕТ


2-мартта Жогорку Кеңеш төрагасы болуп шайланган Марат Султанов ушул эле күнү Президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болду. Курманбек Бакиев Марат Султановду Жогорку Кенештин төрагасы болуп шайлангандыгы менен куттуктады, ишине ийгилик каалады. Жаңы төраганын жетекчилиги астында парламент мындан кийин башка бийлик бутактары менен ынтымакта иштеп кете турганына ишенич билдирди.

Марат Султанов менен жолугушуу маалында Курманбек Бакиев парламент төрагалык кызматка татыктуу ишмерди шайлады деп баасын берди. Марат Султановду куттуктап ишине ийгилик каалады.

-Мен ойлойм, Сизди колдогон депутаттар колдоп коюп эле тура бербей, мындан кийин да колдойт жана жалпы Кыргызстандын элине жакшы иштеп бересиңер деп ишенем. Себеби, мезгил өтө оор, убакыт аз. Мен дагы бир жолу Жогорку Кеңештин ишине, өзүңүздүн ишиңизге ийгилик каалайм. Парламенттин деңгээлин дагы бир даражага көтөрүп, жалпы Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын колдогон, элдин жашоо турмушун көтөрө турган мыйзамдарды кабыл алып, башка бийлик бутактары менен ынтымакта иштеп кетесиңер деп ишенем,- деп айтты Курманбек Бакиев.

Марат Султанов өз кезегинде Жогорку Кеңештин башка бийлик бутактары менен тирешпей түшүнүшүп иштешерин билдирди.
-Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлигинин, сот бийлигинин ортосунда тирешүү болбойт. Бири-бирибизди түшүнүү менен кабыл алабыз. Эн негизгиси, баарыбыз эл үчүн иштейбиз, ушуга мен сөз берем, - деп жооп кайтарды Марат Султанов.

Президент Курманбек Бакиев сонку учурларда парламент айланасында курчуп келген окуяларга токтолуп, парламентти таратуу жөнүндө сөздөр көп болуп келгенин айтып өттү. Курманбек Бакиев башынан ушул парламентке ишенип келгенин, эми ар кандай кемчиликтерге карабай жогорку Кенештин мындан аркы ишмердиги үзүрлүү болот деген ишеничте экенин билдирди.

-Мына көпчүлүк депутаттар жаңы келген, басымдуу бөлүгү биринчи жолу шайлангандар. Ушул убакыт аралыгында депутаттар таанышып, үйрөнүп, эки жакты карап дегендей, ар кандай оюнга аралашкандар да болду. Ал да баштан өттү. Эми калыптанып жакшы иштейт деп ойлойм. Ачык айтып коеюн, башынан ушул парламентке ишеничим бар болчу. Анча-мынча кемчиликтер болду, ошого карабай баары бир ушул парламент элдин кызыкчылыгында иштеп кетет деген ишеничим бар. Мен ыраазымын, депутаттар менин ишеничимди, эң негизгиси элдин да ишеничин актап, ызы-чуу болбой спикерди шайлап алды. Болгондо да татыктуу спикерди шайлады,мен ушуга ыраазымын,-деди Курманбек Бакиев.

Парламенттин жаңы шайланган төрагасы Марат Султанов байкоочулардын баамында депутаттык корпус үчүн да, Президент үчүн да ыңгайлуу фигура болуп саналат. Соңку мезгилдерде Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Өмүрбек Текебаев менен Президент Курманбек Бакиев ачык да, тымызын да каршылашып келген. Бир катар саясий күчтөр парламентти таркатуу маселесин да кайрадан көтөрүп талап кыла башташкан. Бир жылга созулган каршылашуу акыры Текебаевди кызматтан чегинүүгө алпарды. Жаңы төрага Марат Султанов парламенттин ишин башка бийлик бутактары менен тирешүүгө жеткирбей, тил табышып кызматташуу жагына алып өтөрүнө ишендирүүдө.

XS
SM
MD
LG