Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү болду


БИШКЕК. Узап бараткан апта ичинде Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча жумушчу топтордун кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» жекшемби күнү сүйлөшүүдөгү кыргыз тобунун башчысы, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Саламат Аламанов билдирди. Анын айтымында, бул жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы чек аранын укуктук маселелери боюнча бир пикирге келишти. Мурдагы жолугушууларда чек араны делимитациялоо иштерин кайсы укуктук документтерге таянып жүргүзүү боюнча тараптар бир пикирге келе албагандыктан, чек араны аныктоо иштери ушул кезге дейре башталбай келген. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу эми Кыргызстанда өтөт. Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу миң чакырымга жакын.

XS
SM
MD
LG