Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Спикер журналисттердин суроолоруна жооп берет


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Марат Султанов журналисттер үчүн алгачкы маалымат жыйынын өткөрөт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргенге караганда, ал Жогорку Кеңештин алдыдагы иштерине, бийликтин башка бутактары менен болгон мамилесине жана төрага катары иш пландарына токтолот. Өмүрбек Текебаев эмгек кодексине ылайык өз каалоосу менен кызматтан кеткенден кийин спикерликке биринчи шайлоодогу төрт талапкер тең өтпөй калган. Экинчи жолку шайлоодо Марат Султанов бул кызматка 45 добуш менен келди.

XS
SM
MD
LG