Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

ОРУСИЯДА АР ЖЫЛЫНА ЭКИДЕН ШАЙЛОО ӨТӨТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда жекшемби күнү 68 субъекте шайлоо өттү. Алардын сегизинде мыйзам чыгаруу жыйындарынын депутаттарын, а калгандарында – жергиликтүү башкаруу органдарын тандоо болду. Ошондой эле Маскөө шаары менен Брян обулусунда Мамдумадагы бош орундарга жаңы депутаттарды шайлашты. Өлкөдө кабыл алынган жаңы тартип боюнча мындан ары Орусияда шайлоо жыл сайын март жана октябрь айларынын экинчи жекшембисинде өткөрүлүүчү болот дешет.

Бул жекшембиде өткөн шайлоону орусиялык ырасмий бийлик «бирдей добуш берүү күнү» деп атады. Чынында эле мынчалык көп аймак эли катышкан шайлоо алгач ирээт өтүшү. Орусиялык борбордук шайлоо комиссиясы демилге көтөрүп кабыл алынган мыйзамга ылайык эми мындан ары өлкөдө жылына март жана октябрь айларынын экинчи жекшембисинде шайлоо өтүп туруучу болот.

Бул жолу алгач ирээт шайлоо ошондой жаңы адат менен өткөрүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясы таркаткан маалымат боюнча ага барат делген 17 миллион добуш берүүчү катталган.

Алдын ала чыгарылган жыйынтыкта - мыйзам чыгаруу органдарынын депутаттары 8 субъекте жаңырган. Атап айтканда, Алтай жумуриятынын Эл Курултайы шайланды дешет. Адыгей жумуриятынын парламенти ошондой эле Калининград, Киров, Курск, Нижегород, Оренбург обулдумалары жана Ханты-Мансы автономдук округ мыйзам чыгаруу органы үчүн депутаттар тандалган. Алардан тышкары Махачкала, Орел, Перм калааларынын мэрлери шайланган. Сегиз субъект парламенттери үчүн 359 депутаттык орун талашуу болгон, бирок анын канчасы ээленип канчасы бош экенин айгинелеген ырасмий жыйынтык чыгарыла элек.

Алгач ирээт өткөрүлүп аткан чоң шайлоодо 60 субъекте жергиликтүү башкаруу органдарын тандоо болгон. 14 аймакта мурда бошогон орундар үчүн кайра депутаттарды шайлоо болуп, алардын катарында Маскөөнүн №196 бекетинде жана Брян обулусунда Мамлекеттик Дума үчүн депутаттар тандалган. Мурда №196 бекеттен Георгий Боос шайланган экен, ал Калининград обулусуна губернатор болуп кеткенден кийин анын ордун талашуу башталган. Брян обулусунан да губернатор болуп дайындалган депутат оруну бошоп ага «Бирдиктүү Орусия» өнтөлөгөн талапкер Малашенко шайланганын биздин кабарчы айтты.

Бул жолку жүргүзүлүп аткан кампанияда тенденцияга айланган жышаан бар экенин Карнеги корунун эксперти Николай Петров айтты:

«Шайлоо системасын кыйла татаалдантып аны өзгөрткөн бийлик үчүн – бул төлгө тартып көрүү. Муну менен (бийликтин – ММ) добуш берүүчүлөр канчалык деңгээлде буга даяр жана системаны алар кабыл алышабы жокпу текшерип көрүү болду», - дейт «Азаттыктын» кабарчысына билдирген пикиринде.

БШК жетекчиси Александр Вешняков кечөө журналисттерге айткан маалыматында 66 аймактагы орун талашка 18 партиядан талапкерлер катталган. Эң көбү «Бирдиктүү Орусия» партиясынан, андан соң КПРФ, ЛДПР. Орусиялык пенсионерлер партиясынан 8 аймакта, «Яблоко» партиясынан 6 аймакта талапкерлер бар экенин айткан.

Вешняковдун маалымдашынча, «Бирдиктүү Орусия» 88,35 миллион рублей, «Орусиянын патриоттору» - 30,2 миллион рублей, «Турмуш» партиясы - 23,93 миллион рублей, Орусиялык пенсионерлер партиясы - 22,95 миллион рублей, ЛДПР - 18,27 миллион рублей, КПРФ - 3,57 миллион рублей такоолдору бар. Ушундан улам анализчилер чөйрөсү партиялар орун ээлеши анын чөнтөгүнүн түбү калың же тайыз болушуна жараша болот дешет.

XS
SM
MD
LG