Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

ОРУСИЯДА КУШ ТУМООСУНАН БИР ЖАРЫМ МИЛЛИОН КАНАТТУУ КЫРЫЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын Түштүк федералдык округунда куш тумоосу кайрадан күч алганы айтылууда. Ошол эле учурда мал доктурлар калкты дүрбөлөң салбоого чакырышканын айтышат. Ал илдетти жуктуруп албаш үчүн жеке гигиенаны сактоо жетиштүү дешкен. Өлкөнүн Түштүк федералдык округунда H5N1 вирусуна каршы канаттууларды эмдөө иши алдыңкы күнү башталган. Округдагы сегиз субъектте куш тумоосу абдан жайылган дешет. Маселен, бир эле Ставрополдо бир күн бир түн ичинде 40,5 миң баш канаттуу кырылган. Бүгүн Карелия жумуриятында атайын түзүлгөн куш тумоосунан алдын ала сактануу штабы ишкердигин баштамакчы.

Орусиянын Түштүгүндө куш тумоосу баштайлы кеңири кулач жайып бараткандыктан өлкөдө куштарды эмдөө иши кечөө 15-мартта башталды. Ставрополдогу биофабриканын башкы директору Виктор Заерко айтканга караганда бул ай ичи бардыгы 2 миллион даана вакцина канаттууларды эмдөөгө жумшалат. Дарылар федералдык бүжет эсебинен каржыланып эмдөө бекер жүрүп атат экен. Үй канаттуулары бар тургундар ар бир тоок, күрп, өрдөк, казы үчүн 1 рублейден акы төлөө жетиштүү дешет. Эмдөө ишин жергиликтүү мал доктурлар жүргүзөт экен, бирок канаттууларды эмдөө башталар алдыңкы күнү кайсы бир шылуундар Краснодар чөлкөмүндө тургундар үй канаттууларына ийне сайып ал үчүн акы алып ийишиптир. Түндүк Кавказ боюнча «Азаттыктын» кабарчысы Лада Леденова мындай дейт:

«Краснодар крайында алдамчылар куш тумоосуна каршы деген ийне сайып ар тоок башына 40 рублейден жыйнап кетишкен. Канаттууларга эмне сайышканы белгисиз», - дейт биздин кабарчы.

Орнитологдор пикири боюнча жаз кылтыяры менен келгин куштар ала келген куш тумоосу Орусияны кайра да каптай баштаган. Бул илдеттин оор экени туурасында Чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгу «куш тумоосуна нокто катаарыбызга менде ишеним жок», - деген ИНТЕРФАКС агенттигине. Анын айтымында «куш тумоосу пайда болгондон бери Орусияда бир жарым миллион канаттуу кырылган».

Бирок жер жүзүндө кездешкен ал дарттын адамга, мышык, үкү, аккуу, суусарга жугушундай жугуу Орусияда каттала элек. Орусиянын канаттууларды коргоо союзунун төрагасы Виктор Зубакин элди дүрбөлөң салбоого чакырат:

«Кандайдыр бир шарттан улам канаттууну кармаган болсоңор колуңарды таза жуугула. Дегинкиси ушунун өзү жетиштүү болот», - деп кеңеш берет Зубакин мырза.

Кечөө Орусиянын түштүк федералдык округунан Краснодар жана Ставропол крайларында, Адыгей жана Дагстан жумурияттарында, Астаркан обулусунда куш тумоосуна каршы канаттууларды эмдөө жумушу башталган. Ал жакта куш тумоосу чыккандан бери, ИНТЕРФАКС агенттиги жазганга караганда, 114миң 500 баш канаттуу кырылган.

Орусияда мындай жаагы катуу тажаал илдетке каршы ал жуккан же жугушу ыктымал деген жерлерде башаягы 27 муниципалдык түзүлүштө үй канаттууларды эмдөө жүргөн атат. Бирок анын жүрүшүн эм болор вакцина өндүрүлүшүнө жараша болот дешет. Азырынча Владимир шаарында жана Ставрополдо чыгарылган эм болор дары эсеби болгону 7 миллион даана экен. Анын 6 миллиону Түштүк федералдык округуна жиберилген деп айтышат.

XS
SM
MD
LG