Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Ирактын мурдагы лидери Саддам Хусейндин соту уланууда


Багдадда өтүп жаткан сот процессинде бүгүн Хусейндин бир тууганы Барзан ал-Тикрит көрсөтмө берди. Барзан Саддам режими маалында өлкөнүн чалгындоо кызматын жетектеп турган. Саддам, Барзан жана дагы 6 киши адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыпталууда. Алар күнөөлү деп табылса, өлүм жазасына өкүм кылынат.
Ирактын Анбар провинциясында болсо америкалык эки жоокер окко учканы маалым болду. АКШ армиясынын билдирүүсүндө аскерлер дүйшөмбүдө “душмандардын чабуулунан” каза болушту деп айтылат.
Согуш башталгандан бери Иракта америкалык 2 миң 309 жоокер мерт кетти.

XS
SM
MD
LG