Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Паспорт кризиси парламентте каралды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңеште паспорт маселеси боюнча өкмөттүк саат болду. Паспорт кризисин жөнгө салуу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу биринчи вице-премьер-министр Медетбек Керимкулов жана тиешелүү тармактардын жетекчилери парламентке маалымат беришти. Суроо-жооп учурунда Медетбек Керимкулов негизги проблема бул маселе боюнча иштеп жаткан төрт мекеменин биргелешип иш алып бара албай жатканынан чыгып жатканын белгиледи. Алар: маалыматтык ресурстар жана технология боюнча агенттик, ички, тышкы иштер менен транспорт жана коммуникация министрликтери. Бул күнү парламент паспорт маселеси боюнча эч кандай чечим кабыл албай, ага апрель айында кайра кайрыла турган болду.

XS
SM
MD
LG