Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

ТЕГЕРАНДА ФУТБОЛ БОЮНЧА АЗИЯНЫН ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮҮДӨ


Кабыл Макеш,Бишкек 24- марттан бери Тегеранда Азия континенталдык футбол федерациясынын демилгеси менен өспүрүмдөрдүн фестивалы өтүүдө.

Бүгүнкү күндө ФИФАнын курамында 232 өлкө мүчө. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992- жылдан бери ФИФАга жана Азия континенталдык футбол федерациясына мүчө. Былтыртан бери балдар арасында Азия футбол фестивалын өткөрүү салтка айлана баштады. Быйылкы Тегеранда өтүп жаткан фестивалга Азия аймагындагы кырктан ашуун өлкөнүн өспүрүмдорү катышууда. Ушул футбол фестивалында кыргызстандык жаш футболчулар Борбор Азия өлкөлөрү-Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Индия,Иран мамлекеттеринин командалары менен бир топто ойноп жатышат. Аларды өлкөгө таанымал машыктыруучулар Ниязбек Алиев менен Токтогон Элтинов баштап барды.

-Былтыр 13 жаштагылар үчүн фестиваль болсо, быйыл 14 жаштагылар катышууда. Оюндар 2 таймдан ар бири 20 мүнөттөн болуп, өспүрүмдөрдүн чеберчилигин өстүрүү, футбол дүйнөсүнө аралашып, достошуп, эс алуу максатында өтүүдө. Ошондой эле балдар футболунун машыктыруучулары үчүн семинар- кеңешмелер дагы белгиленген,-деди өлкөнүн футбол федерациясынын Жогорку Лигадагы мелдештерди уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери Дастан Конокбаев.

Кыргызстанда балдар футболуна көңүл бурулгандай түр көрсөтүлгөнү менен эл аралык мелдештер аз өткөрүлүп жатканын, айыл жергесиндеги балдар камкордукка алынбаганын өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов белгиледи:

-Футбол Бишкек менен Чүй аймактарында гана өнүгүп, алыскы облустарда балдарга аз гана көңүл бурулат. Ошондуктан эл аралык мелдештерди уюштуруп, ушундай беттешүүлөргө барып туруу зарыл. Ал түгүл жайында Ысыккөлдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн өспүрүмдөрү үчүн футбол фестивалын өткөрсөк дурус болоор эле. Коңшу өлкөлөр балдар футболуна өзгөчө көңүл бурууда. Биздин балдар ар дайым алардан утулуп жүрөт.

Учурда кыргызстандык жаш футболчулар Азия футбол фестивалында беш беттешүү өткөрүштү. Алгач түркмөнстандык өспүрүмдөргө 1:0 эсебинде утулса, Тажикстандын командасын 1:0 эсебинде жеңип алышкан. Үчүнчү беттешүү өзбекстандык атаандаштары менен болуп, оюн 1:0 эсебинде өзбекстандык жаш футболчулардын пайдасына чечилген. Ал эми Индия жана Иран өлкөлөрүнүн балдары менен болгон беттешүүлөрдө эсеп ачылбай, 0:0 болуп аяктаган. Тегерандагы Азия футбол фестивалы 30- мартта жыйынтыкталат.
XS
SM
MD
LG