Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

РЫСПЕК АКМАТБАЕВ ДЕПУТАТТЫК ЖАРЫШТАН ЧЕТТЕТИЛДИ


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн 30-мартта Рыспек Акматбаевди депутаттык жарыштан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Депутаттыкка талапкердин мурда соттолгондугу жоюла электигин жана Кыргызстанда мыйзам талап кылган мөөнөттө жашабагандыгын негиз кылып туруп Боршайком ушундай бүтүм чыгарды.

Рысбек Акматбаев мурда соттолгон адам болгондуктан жана бир катар оор кылмыштарга катышы бар деп шектелип жаткандыктан, премьер-министр Ф. Кулов баш болуп, Ички иштер министрлиги жана бир катар бейөкмөт уюмдар аны шайлоо жарышынан чыгарып салууну БШКдан талап кылып келишкен. Президент К. Бакиев өз кезегинде соттун кароосунда жаткан иштерге киришпей турганын жарыя кылган.

Р. Акматбаев Балыкчы шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан. Бул жакта 9-апрелде шайлоо өтмөк.

Депутаттык жарыштан чыгарылган талапкердин жактоочулары БШК чечимин саясий кысымдан чыккан чечим деп аны талашып сотко кайрылмакчы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG