Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ИРАНГА ДАГЫ БИР АЙ МӨӨНӨТ БЕРДИ


Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши кечээ Ирандын атомдук программасына байланыштуу билдирүү кабыл алды. Бүгүн Берлинде кеңештин туруктуу беш мүчөсү менен Германиянын тышкы иштер министрлери жолугуп,Ирандын тегерегиндеги кырдаалды кайрадан талкуулашат.

Резолюцияда Иранга каршы кандайдыр бир чаралар каралган эмес. Тескерисинче, документтин баштапкы вариантындагы бир катар жерлер жумшартылып,өзгөртүлдү.Келечекте Иранга санкциялар жарыяланышы мүмкүн экенин эскерткен сөздөр алынып салынды. Буга Россия менен Кытайдын позициясы себепкер болду. Натыйжада Британия, Франция жана АКШ мунасалуу вариантка макул болушту. Документ ошондон соң Коопсуздук Кеңешинде колго салынды.

Резолюцияда Иранга конкреттүү үч талап айтылат. Ага ылайык,Тегеран уран байытуу ишин токтотууга жана МАГАТЭ менен толук өлчөмдө кайра кызматташууга тийиш, бул уюм койгон шарттарды отуз күндүн ичинде түгөл аткарышы керек. Аталган мөөнөт бүткөн соң резолюцияда каралган шарттарды Тегеран канчалык өлчөмдө аткарганын МАГАТЭ Коопсуздук Кеңешине кабарлайт.

АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Жон Болтон Иран уран байытып жатканы тууралуу таасын фактыларды танса эле дүйнө коомчулугун башкача ойго ийитип жибере албасын айтып, кеңештин чечими Тегеранга ушуну абдан таасын айтканын белгиледи. ”Отуз күндөн кийин биз кайрадан бул жерге – Коопсуздук Кеңешине чогулуп, резолюцияны аткаруу үчүн Иран эмнелерди жасаганын угуп көрөбүз”,-деп айтты ал.

Бүгүн Берлинде Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германиянын тышкы иштер министрлери чогулганы жатышат. Жолугушууда Ирандын атомдук программасына байланыштуу маселелер,анын ичинде Тегеран бул жолу да коюлган талаптарды аткарбаса, кийинки кадамдар кандай болот, иштин ушул жагы да талкууланат.

Тегеран бийликтери Коопсуздук Кеңешинин кечээги чечимине байланыштуу эч кандай билдирүү жасаша элек.

XS
SM
MD
LG