Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши Иран “эсине келишине” 30 күн берди


Берлинде кечээ Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө беш мамлекеттин жана Германиянын Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өттү. Алар Тегеранды Коопсуздук Кеңешинин айткандарын так аткарып, уран байытууну токтотууга чакырышты. Бул үчүн Иранга бир ай берилди. Эгерде ушу 30 күндүн ичинде уран байытуу аракеттери токтотулбаса, Иранга каршы санкциялар кирзилиши мүмкүн.

- Биз, Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчөлөр, Иран тууралуу биргелешкен билдирүүбүздө Тегеранга айрым ачык шарттарды койдук. Иран аларды сөзсүз эске алат ко деп үмүттөнөм. Эгерде ал андай кылбаса, билдирүүдө айтылгандай, Коопсуздук Кеңеши тийиштүү чараларды көрөт, - деди Британиянын Тышкы иштер министри Жек Стро.

Бирок Ирандын ырасмий өкүлдөрү Коопсуздук Кеңешинин билдирүүсүн четке кагышты.

XS
SM
MD
LG