Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:06

Америкалык сот Закариас Мусауи өлүм жазасына тартыла алат деп тапты


Франциянын жараны Мусауи АКШда 2001-жылдын 11-сентябрдагы террактарга катышы бардыгы үчүн айыпталууда. Америкалык сот кечээ анын аракети жок дегенде бир адамдын өлүмүн алып келген деген тыянакка келди. Эми соттук коллегия айыпкерди өлүм жазасына тартуу же өмүр боюу түрмөгө кесүүнү караган өкүм чыгарышы керек.

Закариас Мусауинин өзү жүргүнчү учакты карактоону көздөгөндөрдүн катарында болгонун моюнга алган. Ал сот жараянында өткөн айда берген көрсөтмөсүнө караганда, жүргүнчү учактардын бири менен 2001-жылдын 11- сентябрь күнү Вашингтондон Ак үйдү сүзүшү керек эле. Бирок Мусауи терракттардын алдында, АКШнын иммиграциялык мыйзамын бузганы үчүн камакка алынган болчу.

XS
SM
MD
LG