Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

АКШ Ирактын азыркы премьер- министри Ибрагим ал- Жафаари алмаштырылышын талап кылбайт


Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели билдирди.
Ибрагим ал- Жафааринин премьер- министрликке кайрдан көргөзүлүшү өлкөнүн жаңы өкмөтүн куруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алдыга жылбай жатышындагы негизги тоскоолдук сыяктуу. Анын талапкерлигине суниттер менен күрддөрдүн өкүлдөрү каршы болууда.
Өлкөдө парламенттик шайлоо өткөнүнө үч айдан ашып калды, бирок өкмөт түзүлө элек. Иракка иш сапары менен барган АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс, британ тышкы иштер министри Жек Стро жаңы өкмөттү куруу жараяны солгун жүрүп жатканына тынчыздануу билдиришти жана Ирактын саясий лидерлерин бул ишти тездетүүгө чакырышты. Райстын айтымында, өкмөттүн жоктугу улуттук коопсуздукка терс кесепетин тийгизүүдө.

XS
SM
MD
LG