Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

ИТАЛИЯ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО ДАЯРДАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 9-10-апрелде Италияда парламенттик шайлоо өткөрүлөт, анын өзгөчөлүгү - өкмөттү башкаруу үчүн азыркы премьер-министр Силвио Берлускони жана мурдагы премьер Романо Проди күрөшүп жатканында.

Экинчи дүйнөлүк согуштан бери өткөн 60 жылдын ичинде Италия өкмөтү 60 жолу алмашылган, азыркы премьер-министр Силвио Берлускони болсо беш жылдан бери бийликте жана анын өкмөтү 60 жылдын ичинде эң көп жашаган өкмөт болууда.

Берлусконинин партиясына каршы - мурдагы премьер Романо Продинин коалициясы күрөшүүдө, Проди болсо Италиянын эң атактуу саясатчыларынын бири.

Батыш Европа мамлекеттери арасында Италиянын экномикасы өтө деле күчтүү болгон эмес, бирок Продинин учурунда Италия бирдиктүү акча еврону киргизүүдө ири ийгиликке жеткен, Италия чыныгы өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулган жана кийин Романо Проди Европа Биримдигинин өкмөтү - Европалык комиссияны башкарды.

Берлусконини Италияда "кавалер" деп аташат. Ал өтө кооз кийинип, курч сүйлөп, жалпыга мүнөздүү эмес аракеттерди көргөнү менен белгилүү. Продини болсо эл арасында "профессор" деп аташат, ал өтө салмактуу жана олуттуу окумуштуу, бирок шайлоо өнөктүгү учурунда алар бир-бирин каралап, сөккөнгө чейин барууда. Мисал үчүн, Проди Берлусконини элди алдайт жана өзү аракеч деп да атады:

"Бернард Шоу айткандай, кээ бир адамдар статистикага - мас болгон аракеч адам бакка жөлөнгөндөй жөлөнөт", - деп Проди премьер Берлусконини статистикалык маалыматтар менен элдин башын айлантып жатат деп күнөөлөдү.

Берлускони болсо Продинин коалициясына коммунисттер киргенин такай сынга алат: "Мени кээде - коммунисттер жаш балдарды бышырып жеген деп калп айткан деп күнөөлөшөт. Бирок 'Коммунизмдин кара китебин' окуп көргүлөчү. Маонун учурундагы Кытайда алар бир-бирин жебесе дагы, адамдардын денелерин сууга кайнатып, аларды кийин жер семирткич катары колдонгон. Бул чындап эле болгон окуя", - деп айтат Берлускони.

Берлускони Милан университетин бүтүрүп, юрист кесибине ээ болгондон кийин курулушта иштеп, бай адамга айланган. 1980-жылы Италиядагы биринчи коммерциялык сыналгы түйүнүн ачкан, андан соң дагы эки сыналгы негиздеген жана кийин бир нече гезит жана журнал ачып, медиамагнатка айланган. 1986-жылы ал "Милан" деген футбол клубун сатып алган. 1994-жылы саясатка өтүп, "Италия, алга!" деген партияны негиздеп, жарым жылдын ичинде парламенттик шайлоодо жеңип, премьерликке жеткен.

Бирок 1996-жылдагы шайлоодо Романо Продиге утулуп калган, анткен менен 2001-жылы кайрадан премьер болгон. Бир нече жолу коррупциядан күнөөлөнгөн, бирок сотто акталып чыккан.

Романо Проди болсо Лондондогу Экономика институтун бүтүргөндөн кийин АКШнын Гарвард жана Стэнфорд университеттеринде сабак берген, 1970-жылдарда Италияга кайтып келип, өнөр жай министри болуп иштеген, андан соң өлкөнүн эң ири ишкерлер биримдигин башкарган жана 1996-жылы Берлусконини жеңип, премьер-министр болгон. Андан соң 1999-жылдан 2004-жылга чейин Европа комиссиясын башкарды жана акыркы мезгилде Италиянын экономикасы начарлар кеткендиктен, ал үчүн Берлусконини күнөөлөп, азыр кайрадан премьерлик үчүн күрөшүүдө.

XS
SM
MD
LG