Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Ирактын азыркы премьер- министри Ибрагим ал-Жафаари жаңы өкмөттү да жетектөө мүдөөсүнөн баш тартпасын билдирди


Бүгүн британиялык "Гардиан" гезитинде жарыяланган маегинде ал өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүүдөгү саясий туңгуюктан чыгуу үчүн отставкага кетиши керек деген чакырыктарды четке какты. Жафааринин кызматта калышына сунит, күрд партиялары каршы болуп, ошондой эле жогорудагыдай чакырыктар ал өзү өкүлү болгон шийит жамаатынын айрым саясатчылары тарабынан да айтылган эле. Иракта парламенттик шайлоо өткөнүнө төрт айга жакындап калды, бирок жаңы өкмөт алигиче түзүлө элек.
Америкалык жана британиялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, жаңы өкмөттүн алиге чейин түзүлбөй жатышы Ирактагы коопсуздукка терс кесепетин тийгизүүдө.

XS
SM
MD
LG