Европа Биримдигинин айтымында, 10-апрелде Люксембургда Биримдикке кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жолугуп, Беларустун 31 жогорку жетекчисине мындан ары виза бербөө тууралуу макулдашат. Биримдиктин басма сөз катчысы Эмма Удвиндин айтымында, Беларуста эмне болуп жатканын Европа көңүлүнөн чыгарбайт: "Чечим дүйшөмбү күнү кабыл алынат, бирок биз Беларус жетекчилеринин аракеттерин такай иликтеп турабыз, дагы бир топ адам камактан бошотула элек", - деди Удвин 7-апрелде. Кара тизмеге президент Александр Лукашенкадан тышкары анын администрациясынын башчысы, министрлер, коопсуздук кызматы менен шайлоо комиссияларынын жетекчилери, айрым депутаттар кирет.