Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

ОРУС УЛУТУНА ТААНДЫК ӨЗ АЛДЫНЧА АДАМ УКУКТАРЫ БАР


Нарын АЙЫП, Прага 4-6-апрелде Маскөөдө Дүйнөлүк орус курултайы болуп өттү. Анда Орус ортодокс чиркөөсүнүн башчысы патриарх Алексий Экинчи, өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров, Орусиянын омбудсмени Владимир Лукин жана башкалар чыгып сүйлөп, адам укуктар боюнча Орусиянын өз алдынча декларациясы кабыл алынды.

Собор деп аталган орустардын дүйнөлүк курултайы быйыл онунчу жолу өткөрүлдү. Ал 1993-жылы негизделген жана мурда өткөрүлгөн жыйындарында саясатка көп кийлигишчү эмес. Быйылкы жыйынында болсо Собор Батыш баалуулуктарына каршы бир топ сын пикир айтты жана Орусиянын өзүнүн Адам укуктар боюнча декларациясын иштеп чыкты.

Адам укуктар боюнча азыркы Жалпы декларация Бириккен Улуттар тарабынан 1949-жылы кабыл алынган жана аны мурда бир да башка мамлекет өзгөртүп, өзүнө ылайыкташтырууга аракеттенген эмес. Маскөөдөгү Собордо чыгып сүйлөгөн патриарх Алексий, өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров жана өзгөчө митрополит Кирилл Батышта туу тутулган баалулуктарды катуу сынга алды.

Патриарх Алексийдин пикиринде, Орусияда ар башка улуттар жана ар башка динге ишенген адамдар илгертен достукта жашап келген, Батыш жактан тарап келаткан жалпы дүйнөлүк глобализация болсо андай достук маанайга коркунуч түзүүдө. Ал эми Батышта өтө баркталган адам укуктар принциптери андай улуттук өзгөчөлүктөрдү эске албайт.

Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, орус коомунун өзгөчөлүктөрү корголууга тийиш жана Орусия дүйнөлүк сахнада көз карандысыз күчкө айланыш керек. Собордо чыгып сүйлөгөн Дума төрагасынын орун басары Любовь Слизка болсо - Батыш менен Чыгыш ортосундагы мамилелелерди жөнгө салууда жана аларды бир-бири менен айкалышытырууда эң негизги мааниге Орусия ээ болууга тийиш деп билдирди.

Ал эми митрополит Кирилл Батышта өтө жайылып кеткен гомосексуалдыкты, кумар ойноочулукту, бойдон алдырууну жана башка 'батыш баалулуктарын' катуу сынга алды. Анын айтымында, адам укуктарын коргоо идеясын Орусияда башынан тартып айрым адамдар жана топтор монополдоштуруп алып, аны өз кызыкчылыгында пайдалангандыктан, адам укуктар идеясы айрым учурларда улуттун жана мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбей калууда.

Жыйында кабыл алынган Декларацияда - Батыш тарабынан корголуп жаткан адам укуктарынан кем эмес баалуулуктар бар жана алардын негизгилери - динге ишеним, адеп-ахлак, мекен жана башка ыйык эсептелген нерселер деп жазылган. Бул баалуулуктар адам укуктарын коргоо менен карама-каршылыкка келген учурларда аларды мамлекет жана коом бир-бирине айкалыштырып аракеттенүүгө тийиш.

Орусиянын атактуу "Мемориал" коому Орус соборунун бул демилгесин сынга алды, анын эксперттеринин айтымында, ар бир улут же дин өзүнө гана ылайыктуу адам укуктарын тандабаш керек. Адам укуктары динге же улутка карабай, ар бир адамга төрөлгөнүнөн тартып таандык жана кимге болбосун тийиштүү жалпы укук болуп саналат. Маскөөдөгү Хельсинки тобунун төрайымы Людмила Алексееванын пикиринде, мындай өз алдынча орус адам укуктарын чыгаруу менен Орусиянын диний уюмдары коомдун укугун адам укуктарынан өйдө коюуда жана бул идея адам укуктарынын жалпы концепциясына каршы келет.

Бирок Собордун ишин Кремил дагы колдоду. Президент Владимир Путиндин атайын өкүлү Георгий Полтавченко жыйындын катышуучуларына Путиндин кайрылуусун окуп берди жана жакын арада орус мектептеринде ортодокс христиан дини боюнча сабак киргизилиши мүмкүн деп билдирди.

XS
SM
MD
LG