Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

РИЧАРД БАУЧЕР : ТААНЫМАЛ КЫЛМЫШКЕР ПАРЛАМЕНТКЕ КЕЛСЕ, КЫРГЫЗСТАНДА САЯСИЙ КЛИМАТ БУЗУЛАТ


Маектешкен Кубат Оторбаев, Бишкек АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер Кыргызстандагы иш сапарынын соңунда «Азаттыктын» кабарчысынын суроолоруна жооп берди. Ал былтыркы Анжиян окуяларынан кийин АКШ менен Өзбекстан бийлигинин ортосунда мамиле чыңалып кеткенин, алака-катыш үзгүлтүккө учураганын белгиледи. Вашингтондун өкүлү ошондой эле март ыңкылабынан кийинки Кыргызстандагы кырдаалга токтолуп, кылмышкер атыккан адамдардын парламентке депутат болуп шайланып келип жатканына тынчсыздануу билдирди.

- Урматтуу Ричард мырза, Өзбекстандын кысымына карабастан кыргыз бийлиги былтыр Анжиян окуясынан кийин Өзбекстандан качып келген 400дөн ашуун качкындарды үчүнчү мамлекетке өткөргөн эле. Бирок ошолордун төртөө Кыргызстанда ушул убакта абактарда сакталып турат, аларды Кошмо Штаттары мындан ары кандай кылыш керек деген ойдо. Качкындардын тагдыры кандай болуш керек? Кыргыз бийлиги эмне чараларды көрүшү керек?

- Биринчиден, айтып кете турган нерсе, 400 кишинин азыркы учурда коопсуз жана жакшырак жашоого жетишкендигинде кыргыз мамлекетинин, кыргыз өкмөтүнүн алган чечими аябай чоң маанини ойноду. Бул оңой кадам болгон жок. Себеби ошол убакта Кыргыз өкмөтүнө канчалык басым жасалып турганы баарыбызга белгилүү. Азыр төрт Өзбекстандын атуулу дагы эле Кыргызстанда кармалып турат, мурдагы кеткен 400 атуулга кандай жол берилсе, алардын кетишине дагы ошондой жол берилиши керек, биздин өкмөтүбүз ушул боюнча иштеп жатабыз.

- Былтыр Анжиян окуялары болгондон кийин Америка Кошмо Штаттары менен Өзбекстандын мамилеси кандай болуп атат? Экономикалык, саясий жана аскерий кызматташтык өнүгүп жатабы, же токтоп калдыбы?

- Көпчүлүгү токтоп калды. Көп нерселер биздин каaлаганыбызга карабастан токтоп калды, биз өзүбүз улантууга кызыгат элек. Биз өзбек эли жана өзбек өкмөтү менен бул региондогу башка мамлекеттердин атуулдары жетишкен жетишүүлөргө жол ачылуусу үчүн кызматташууга даяр элек. Өзбекстанда иштөөбүз барган сайын татаалдап баратат, себеби өзбек өкмөтү жергиликтүү, эл аралык, биз колдогон уюмдарды жана БУУ тарабынан колдоого жетишкен уюмдарды жаап жатат. Анын үстүнө биздин мамлекетибиз сунуш кылган көптөгөн окуу программаларын дагы жаап коюуга батынышты. Андан тышкары Анжиян кандуу окуясынан кийин биздин мамилебиз татаалдап баратат. Бирок биз өзбек өкмөтү менен иштебесек дагы, Өзбекстандын калкы менен иштешүүгө даярбыз. Биз Өзбекстан менен мамилебизди улантууга даярбыз, менин оюмча качандыр бир убакта Өзбекстанга сапар жасайм деп ишенем. Биздин Өзбекстан менен мамилебиздеги негизги максатыбыз алардын эгемендүүлүгүн сактап калуу, экономикалык жагынан мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, катардагы элдин өкмөт менен болгон мамилесин жакшыртуу, региондогу башка мамлекеттер менен мыйзамдын негизинде кызматташуусун өнүктүрүү, ошондой эле стабилдүү жана өнүккөн региондун стабилдүү жана өнүккөн мамлекеттер менен бир болушуна, жетишүүсүнө көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Бирок өзбек өкмөтү ушул багыттарда кызматташууну аябай татаалдатып жатат.

- Поссоветтик мамлекеттердеги ыңкылап болду деген Украина, Грузия жана Кыргызстанда ушул реформалар кандай жүрүп жатат. Өзгөчө Кыргызстандын жаңы бийлиги кандай иштерди жасап атат жана жаңы кыргыз бийлигинин иши Вашингтондо кандай бааланып жатат?

- Бул аябай татаал суроо экен. Бул суроо эгер сиз Британия, Франция, же башка мамлекеттер жөнүндө сураган учурда дагы татаал болмок. Кыргызстанда көптөгөн жакшы нерселер бар. Бирок алдыдагы жасала турган жумуштар дагы аябай көп. Конституциялык реформа ишке ашышы керек, Кыргызстандын эли өзү кандай мамлекет, кандай өкмөттүн формасын кааларын билдириш керек. Өкмөттүн формасы кандай болуп чечилбесин, бирок парламенттин күчтүүлүгү артышы керек, сот бийлигинин көз карандысыздыгы өркүндөшү керек, экономикалык реформаларды жаңы мүмкүнчүлүктөдү түзүү үчүн жана жаңы инвестицияларды тартуу үчүн улантуу керек.

- Дагы бир суроо. Ушул тапта бийлик менен криминалдын жакындашуусу тууралуу өзгөчө сөз болуп атат. Өзгөчө парламентке №69 Балыкчы шайлоо округунан Рысбек Акматбаевдин көп добуш алышы өтө талаш пикирлерди туудуруп атат. Бул маселени элчи Мари Йованович айым дагы 24-мартка карата билдирүүсүндө тынчысздануусун билдирди эле. Кошмо Штаттар кыргыз бийлигине ушул жагынан кандай кеп-кеңештерди айта алат?

- Бул жерде эки айта турган нерсе бар. Биринчиси, бул эгер кылмыш дүйнөсүнөн парламентке келе турган болсо, анда бул өлкөдө аябай көптөгөн маселелерди туудурат. Биринчи, инвестициялык климатты, экинчи, саясий климатты терс жагына бурушу мүмкүн. Бул бүт мамлекетке өзүнүн таасирин тийгизет. Экинчи жактан болсо бул жерде сот бийлигинен көз карандысыздык маселеси көтөрүлөт. Ар бир мамлекетте кылмышкерлердин саясатка жолотпоо жөнүндө көптөгөн мыйзамдар бар. Ошондуктан эл аралык коомчулук бул жерде ошол мыйзамдар эмнеге иштебей жатат деп кызыгып атат. Үчүнчүдөн болсо, ал жерде болуп өткөн добуш берүүнүн канчалык ачык болгондугу жөнүндө. Ушундай репутацияга ээ болгон кишинин шайланып калышы эмнеге байланыштуу деген суроо туулат. Ошондуктан мындай маселелер Кыргызстандын саясатчыларынын ортосунда чечилиши керек. Бирок бардыгыбыз түшүнүп тургандай эле, ушундай таанымал кылмышкердин парламентке кирип жатышы эч кимди тынчсыздандырбай койбойт.

XS
SM
MD
LG