Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Үч мектептин окуучулары дале чатырда билим алышууда


БИШКЕК. Ош облусунун табигый кырсыктардан жапа чеккен үч айылында мектеп окуучулары дале чатырларда билим алышууда. Жаңы окуу жылында өлкөнүн бардык мектептериндеги окуучуларды бир маал тамак менен камсыздоого 140 миллион сом керек. Бул тууралуу билим берүү министри Досбол Нур уулу бүгүн өлкө президентинин кабыл алуусунда болгон учурда билдирди. Президент аталган мектептердин курулушун тездетүү зарылдыгын белгилөө менен окуучуларга тамак берүүгө даярдык көрүү керектигин, ага тиешелүү каражат табылаарын айтты. Министр мындан сырткары билим берүү тармагындагы абал, тоолуу аймактардын мектеп окуучуларын бир маал тамак менен камсыздоо иштери боюнча маалымат берди, деп кабарлайт президенттин басма сөз кызматы.

XS
SM
MD
LG