Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

ИИМ: Эдил Байсалов артынан чабылган оор заттан жараат алган


БИШКЕК. Эдил Байсалов кеңсесинен чыгып келатканда белгисиз бирөөлөр артынан катуу зат менен чаап, андан оор жараат алган. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиев бүгүн президенттин кабыл алуусунда болгон учурда маалымдады. Эдил Байсаловго ок атылганы же кандайдыр бир заттан жараат алганы тууралуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Окуяга күбө болгондордун айтканы боюнча гезитке оролгон бул зат узундугу жарым метрдей келген темир түтүк болушу мүмкүн. Бул окуя боюнча «Зөөкүрдүк» деген айып боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG