Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Израил палестиналык жанкечтинин чабуулунан соң Газа шаарына сокку урду


Израилдин учагы Газа шаарына бүгүн таңга маал урган ракеталык соккудан, кабарларга караганда, эч ким жабырланган жок, бирок айрым талкалануулар орун алды. Израил армиясынын билдиргенине караганда, бутага палестин согушкерлери кол ракеталарын жасоочу жай алынган. Мунун алдында "Исламчыл жихад" уюмунун жанкечтиси Тель-Авив шаарындагы ресторандардын биринин алдында, кечээ жасаган жардыруудан тогуз израилдик каза тапкан эле.

Эл аралык коомчулук бул жардыруунун айыптады. БУУнун баш катчысы Кофи Аннан палестин өкмөтүн аталган терракты ачык айыптоого үндөдү. Ал эми автономиянын азыркы өкмөтүн жетектеген ХАМАС уюмунун өкүлү жанкечтинин чабуулун Израилдин агрессиясына каршы мыйзамдуу аракет катары баалады.

 

XS
SM
MD
LG