Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Роза Отунбаева : Конституциялык реформа болбосо эл жарылат, абал абдан курч


НАРЫН. -Акаев эле кетти, башкасынын баары ордунда турат. Конституциялык реформадан чалынып, ушуну аягына чыгара албай атабыз баарыбыз топтолуп. Ушул күндөрү Ак үй катуу эле онтоп, кыйналып атат. Конституциялык реформа болбосо эл жарылат, абал абдан курч,- деди мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева 18-апрелде Нарындагы иш сапарынын жүрүшүндө. Азыркы учурда “Асаба” партиясынын теңтөрайымы болуп иш жүргүзүп жаткан саясий ишмер Нарын областтык акимчилигинде, Нарын мамлекеттик университетинде болуп, өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу ой бөлүшүүдө. Ал Нарын шаарынан ары Атбашы, Акталаа райондорунда дагы болуп кайтмакчы.

Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG