Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Ө. Текебаев: “Президент менден да кызуу кандуу тура”.


БИШКЕК. “Мен кызуу кандуумун деп жүрсөм, президент менден да кызуу кандуу адам экен”,- деп билдирди парламент депутаты Өмүрбек Текебаев мамлекет башчынын Ганси базасы боюнча билдирүүсүнө байланыштуу. Депутаттын айтымында, ал президенттин казынаны толтуруу аракетин колдойт, бирок мындай чукул кадамдар күтүүсүз натыйжаларга алып келиши ыктымал. Президент Курманбек Бакиевдин 19- апрелдеги билдирүүсүнө жооп кылып, АКШ элчилиги кечээ Американын да сүйлөшүүлөрдү тездетүү ниети бар экенидигин билдирди. Президент болсо буга чейин 1- июнга чейин Ганси боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыкпаса, Кыргызстан база боюнча келишимди бир тараптуу токтотот деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG