Кечээ күнү Мажарстанда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлдү. Алдын ала чыгарылган жыйынтыктарга караганда, Социалисттик партия жетектеген коалиция бийликте калат, алардын парламенттеги өкүлдөрүнүн саны көбөйө да тургандай. 1989-жылдан бери Мажарстанда бир да өкмөт экинчи мөөнөткө бийликте калган эмес.