Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

КУРШАБДА МАМАТ ОРОЗБАЕВ УТУП ЧЫКТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Өзгөн Куршаб шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуунун экинчи айлампасында басымдуу көпчүлүк добуш менен Мамат Орозбаев утуп чыкты. Көз каранды эмес байкоочулар бир катар шайлоо участкаларында эки талапкердин жактоочуларынын тирешип жаңжалдашкан учурлары жана шайлоо комиссияларына басым жасаган аракеттер катталгандыгын белгилешти.

Куршаб округдук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кечки саат сегизге карата шайлоочулардын жалпы санынын 52 пайыздан ашууну добуш берди. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 143 добуш артыкчылык менен Мамат Орозбаев шайлоодон утуп чыкты. Демократия жана жарандык коом үчүн уюмунун түштүк аймагы боюнча координатору Руслан Ташанов шайлоонун жүрүшүндө байкалган айрым бир одоно мыйзам бузуулар жөнүндө мына буларды билдирди:

- Шайлоо участкаларында талапкерлердин, байкоочулардын ортосунда мушташ болгон, тактап айтканда 59-участкасында. Муну биздин байкоочубуз каттаган. Андан тышкары документи жок шайлоочуларды киргизгенге чымыр денелүү балдар тарабынан басым жасалып, документтери жок шайлоочуларды киргизгенге аракеттер жасалган. Андан сырткары биздин байкоочулар бардык участкаларда шайлоочуларды ташуу фактыларын байкашкан. Алардын айтымына караганда эки талапкер тараптан тең бул аракеттер жасалган.

Ал эми Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов шайлоодогу орчундуу мыйзам бузган учурлар боюнча маалыматтар али келип түшө электигин белгилеп өттү:

- Негизинен азыркы шайлоо боюнча облустук шайлоо комиссиясына арыз, даттануулар келип түшкөң жок. Эгерде болгон болсо, шайлоонун жыйынтыгы боюнча участкалык,округдук шайлоо комиссияларынын жыйынтоосу болот, ошол жерде каралып тиешелүү чаралар көрүлсө керек.

Шайлоодон уттурду деп эсептелген талапкер Санжар Кадыралиевдин жактоочулары бир катар участоктор боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн далилдерин топтоп жатышкандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG