Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

ЧЕРНОБЛЧЫЛАРДЫН ЧЫДАМЫ КЕТҮҮДӨ


Азыр жер-жерлерде Чернобль алааматынын 20 жылдыгын белгилөө камылгалары көрүлүп жатат. Ал эми Чернобль кесепеттерин жоюуга катышып, анын натыйжасында дээрлик ден-соолуктарынан ажыраган кыргызстандык ардагерлер мамлекет тарабынан татыктуу жардамдарды алып келиштиби?

Биз Бишкек шаарынын 1-Май районунда каттоодо турган черноблчылар менен маектештик. Абалкы сөз Чернобль алааматынын ден-соолукка тийгизген таасири жана дарылануу жаатында кетти. Дамир Асанов 20 жылдан бери кыргызстандык черноблчыларга кыйын эле болуп жаткандыгын, мисалы, ооруканага жатканда дарыларды дээрлик сатып алышарын, дары-дармекке деп бир жылга бөлүнгөн 400 сом шприцке да жетпестигин баса белгиледи.

Акылбек Сүйөркулов Чернобль алааматынын чок ортосунда болгон, ошондуктан ден-соолугу көп жабыркаган:

-Мен мурда аскер-деңиз флотунда кызмат кылган элем. Ден-соолугум темирдей бек болчу. Черноблдан кийин начарлагандан- начарлап, азыр 14 түрлүү оорунун диагнозун коюшту.

Дамир Асанов черноблчылар жөпжөнөкөй жеңилдиктерден да пайдалана албагандыгына, маселен, телефонду аларга кезексиз коюш керек болсо да, үйүнө телефон койдура албай кыйналып жүргөндүгүнө кейиди.

Акылбек Сүйөркулов кээде тейлөө кызматтары черноблчыларга жардам бермек тургай: “Силерди Черноблга биз жөнөттүк беле, военкомат жөнөткөн, ошолорго баргыла?!” деген өндүү жан кашайткан сөздөрдү айтышаарын эстеп өттү.

Дамир Асанов башкалардын пенсиялары катары менен кошумчаланып, черноблчылардын пенсиясы гана көбөйбөй жатат деген ойдо. Ошондой эле ал черноблчылардын мурдатан автобус-троллейбустарда бекер жүрчү, акысыз путёвка берилчү жеңилдиктери алынып ташталат имиш деген каңшаар жүрүп жаткандыгын да эскертти.

Калыбек Тейишев черноблчыларга даректелген гуманитардык жардамдар Бишкек шаарынын 1-Май райондук акимчилиги тарабынан туура, толук бөлүштүрүлбөй жатат деген ойдо.

Көзү өткөн черноблчыларга эстелик коёбуз деп шаардын Фучик сейилбагына беш жыл мурда коюлган таш ошол бойдон турат. Эстелик коюуга мамлекет тарабынан эч кандай жардам берилген эмес.

1-Май райондук социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Раиса Попова: “Чернобль алааматынын майыптарынын азык-оокаты үчүн ай сайын 150 сомдон кошумча акча төлөйбүз”-деген сөздү айтаарын айтып алып, эмнегедир кызара түштү.

XS
SM
MD
LG