Махмуд Ахмединежад Ирандын атомдук программасы эл аралык инспекторлор үчүн толук ачык деп эсептейт. Анын айтымында, бардык ишканаларда МАГАТЭнин камералары орнотулган, алардын жардамы менен уюмдун эксперттери илимий жайлардагы иштерди текшерип,көзөмөлдөп турушат.
“Айрым бир өлкөлөр өңдөнүп биз программабызды жашырып-жапкан жерибиз жок, бизде баары ачык,ушунун өзү эле биздин тууралыгыбызды көрсөтүп турат”,- деп айтты Ахмединежад.
Ахмединежад Иран ядролук технологияларды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишимге кошулуп, МАГАТЭге отуз жылдан бери мүчө болуп,бул тармакта конкреттүү саясат жүргүзүп келатканын эске салып, эгер Ирандын укугу урматталбай турган болсо, анда конвенциядан да, МАГАТЭден да чыгып кетерин эскертти.
Ахмединежад Батыш өлкөлөрү кантсе да Иранга санкцияларды жарыялаганга батына албайт деген ойдо. Анын ишениминде, мындай учурда ирандыктар эмес,санкцияларга демилгечи болгондор өздөрү жабыркайт.
Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 30-мартта Ирандан уран байытууга байланышкан бардык иштерди токтотууну талап кылган резолюция кабыл алган эле. Бул резолюциянын кандай аткарылганын МАГАТЭ ушу жума күнү талкуулап,Коопсуздук Кеңешине билдирүүгө тийиш.