Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Сарыжазга 5 ГЭС курулат


БИШКЕК. Жабык типтеги «Сарыжаз энерго» акционердик коому эки жылдын ичинде Ысыккөлдүн чыгыш тарабындагы Сарыжаз дарыясына 5 суу электр станцияларын курууга киришет. Бул зор долбоорду президент менен өкмөт башчы да колдошууда, деп айтылат өлкөнүн өнөр жай, соода жана туризм министрлиги бүгүн тараткан билдирүүдө. Каскаддын кубаттуулугу долбоор боюнча жылына 13 миллион мегаватт электрэнергиясын түзөт. Курулушка болжол менен эки жарым-үч миллиард доллар керектелет. Батыш Европа, АКШ жана Жакынкы Чыгыштагы бир канча финансы уюмдары бул долбоорду каржылоого кызыкдарлыгын билдиришкен. Эгер долбоор ишке ашса электр кубатын Кытайга сатуудан эле жылына 300 миллион доллар тегерегинде киреше түшөт.

XS
SM
MD
LG