Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

ТАЛАСТА МИТИНГ ӨТКӨРҮҮГӨ КАМЫНЫШУУДА


Уланбек Эсенгелди уулу, Талас Талас шаарында 28-апрелде тынчтык митинг өткөрүү боюнча даярдыктар болуп жатат.

Талас облустук администрациясынын жыйындар залында митингдер туурасында тегерек стол болуп, ага жаштар, аксакалдар, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мамлекеттик эмес уюмдардын атынан Арзыкан Момунтаева коалиция уюмунун жетекчиси төмөнкүчө оюн билдирди:

- 22-апрелде өткөн пикеттер өздөрүнүн көздөгөн максатына жетишти. Себеби алар ушундай тынчтык митингин өткөрөбүз деген. Бул жерде мамлекеттик кызматчылар абдан аз санда катышып, тең салмактуу болбой калды. Буга карата альтернативдик дагы бир митингдин Таласта өткөрүлүшү туура эмес менин оюмча. Улам эле бир митингден экинчи митингге өтө беребизби.

Ал эми жаштардын өкүлү Ибраимов Нурлис өкмөттү сезгендирип туруш керек дейт:

- Мен митингдин болуп турушуна каршы эмесмин. Себеби бийликти бир аз да болсо сезгендирип туруш керек. Революциянын болгонуна бир жылдан ашса дагы баягы эле коррупция ошол бойдон калууда. Митинг болуп туруш керек, бирок тынч абалда. Митингге бийлик жакшылап көңүл бурушса.

Таластын аксакалдары бизге азыр саясат эмес солярка керек деген ойлорун билдиришүүдө. Ал эми Талас облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Мураталиев Байымбет мырзанын айтымында,алар митингге тыюу салалы деген жок. Бир гана эл менен чогуу иштешип, акылдашып жыйынтык чыгаруу керек.

Азыркы учурда Талас шаардык борбордук аянтында 28-апрелде тынчтык митинг өткөрүү боюнча трибуна жасалып жатат.

XS
SM
MD
LG