Маданият министри С. Раев менен Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Т. Турдумамбетовдон башка Өкмөт курамындагы бардык министрлер кызматынан кетүү тууралуу арыз беришкен. Мындай чечимге келүүгө алардын ишине парламент тарабынан начар баа берилгени себеп болгон.
Жакында эле Жогорку Кеңеш өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин отчетун уккан. Парламент Өкмөттүн иши жалпысынан канааттандырарлык деп чечим чыгарган. Бирок, жумшак рейтинг өткөзүүнүн натыйжасында, транспорт жана коммуникация, маданият министрлери менен Миграция боюнча мамлекеттик департаменттин жетекчисинен башка бардык министрлердин ишине начар деген баа берилген.
Соңку маалыматка караганда, бүгүн Президент Курманбек Бакиев өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда министрлердин отставкасын кабыл алган жок.Мамлекет башчы Өкмөт куралгандан кийинки кыска мөөнөттө министрлердин ишинен жыйынтык чыгаруу эрте экенин белгилеп, өлкөдөгү туруктуулук үчүн өкмөттүн толук курамында иштешин зарыл деп тапкан.